Вторник, 26 ноября

“Ош-Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” көргөзмөсү ачылды

0

7-октябрда Ош шаарындагы “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн Оштогу он алтынчы жолугушуусунун алкагында, “Ош – Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен”,-аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, ТҮРКСОЙдун КРдагы өкүлү Кожогелди Култегин, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү, шаар тургундары жана жаштар катышты. Көргөзмөгө 12 сүрөтчүнүн 3төн сүрөтү – жалпысы 36 сүрөт коюлду.

Анда сүрөтчүлөр Ош шаарын жана облусун чагылдырган. Буга чейин Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү Оштун көрүнүктүү жерлери Сулайман-Тоону, борбордук базарды кыдырып, Ош шаарынын күнү – элдик майрамын сүрөткө тартышкан.

Ошондой эле, Ноокат районунда жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасын, кыргыз айылдарын, жаратылыш көрүнүштөрүн да сүрөткө тартып кайтышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз