Вторник, 26 ноября

Алымбек Датканын 220 жылдыгы белгиленет

0

Алымбек Датка Асан бий уулу – 1799-жылы Кыргызстандын Алай өрөөнүндө туулуп, 1863-жылы кайтыш болгон.

1822–1840-жылдары Кокон хандыгында бийлик жүргүзгөн Мадалы хандын чакыруусу менен 27 жашында Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжиян жана Ош аймактарынын беги болуп турган.

Тарыхта Алымбек парваначы деп да аталган инсан кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. Алымбек Датка 1831-жылы Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.

1842-жылы Шераалыны хан (Шераалы хан) көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген.

Хандыктагы саясий жана мамлекеттин 30 жылдык (1831-62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жээни Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес.

Отуз жылдык (1831-62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. Алымбек датка Кокондун 4 ханын көргөн (Мадалы, Шералы, Мала, Шах мурад).

Айтылуу тарыхый инсан Алымбек Датканын 220 жылдык мааракеси ушул жылдын ноябрь айынын башында өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде маарекелерге карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди. Мааракени уюштуруу милдети Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн.

Министрдин айтымында, мааракеге арналган иш-чаралардын алкагында бир нече илимий-конференциялар өткөрүлөт. “Азыр Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын сунуштарын күтүп жатабыз”, – деди Азамат Жаманкулов.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз