Понедельник, 25 ноября

Айыппулдардын азайтылышын каалайсызбы?

0

Депутаттар эреже бузуулар Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатышат. Мыйзам долбоору кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, укук тартиби комитетинин жыйынында каралып, биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Наталья Никитенконун айтымында өзгөртүү кесепеттерге алып келбеген майда-барат эреже бузууларга болгон айыппулдун өлчөмүн азайтууга арналган. Мисалы автоунаалардын токтоочу чектен өтүп барып токтогону.

«Бишкекте автоунаа абдан көп. Статистикага таянсак Бишкек 40 миң автоунаага ылайыкташтырылган, бирок учурда 420 автоунаа жүрөт. Бул дагы шаарга башка жактан келген коноктордун автоунааларын эске албаганда. Мындай тыгында жол кыймылынын эрежелерин так сактоо абдан кыйын», — дейт Никитенко.

Айтымында көзөмөл камераларына түшкөн көрүнүштөрдөн улам айдоочулук күбөлүктү берүүдөгү жоопкерчиликти күчөтүп, айдоочу болом дегендерге жол кыймылынын эрежелерин жакшылап тааныштыруу керек. Жол кырсыктарын азайтууга жоопкерчилик менен терең билим гана өбөлгө болоорун айткан депутат айыппул менен эле айдоочуларды тартипке чакыруу мүмкүн эместигин белгилейт.

Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин бузуу айыптары сегиз категорияга бөлүнгөн. Бул жылы айыппулдардын өлчөмү көбөйтүлүп, 1-январдан тартып эреже бузган айдоочулар жаңы Кодекстин негизинде төлөп башташкан. Ага ылайык айыппулдар 7500 сомдон (ылдамдыкты саатына 60 км.дан ашыруу) баштап 55 миң сомго (мас абалында машина айдоо) чейин жетет. Мындай ири өлчөмдөгү айыппулдар коомчулуктун нааразычылыгын жаратып келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз