Вторник, 26 ноября

“Ата-Журт” парламенттик шайлоого өз алдынча барат

0

Келерки парламенттик шайлоого “Ата -Журт” партиясы өз алдынча барат. Бул тууралуу Ахматбек Келдибеков “Kyrgyz.news” сайтына билдирди.

“Республика-Ата Журт” партиясынын жок болгонуна эки жыл болду. Аталган жылы президенттик шайлоо алдында съезд өткөрүп, эки саясий партиянын биргелешип иштөөсү аягына чыкканын расмий жарыялаганбыз. Ошондо эле “Ата Журт” партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Республикага” кошулбай өз алдынча бараарын ачыктаганбыз. Ал эми “Республика-Ата-Журт” фракциясы 6-чакырылыштын мөөнөтү аяктаганга чейин иштемек болгон”, — деди Ахматбек Келдибеков.
Белгилегендей учурда “Ата — Журт” партиясынын эки төрагасы бар, бири өзү болсо, экинчиси Камчыбек Ташиев. Теңтөрагалар партияны ишин алдыга жылдырууга бардык аракеттерин көрүшөт.

Эске салсак саясий айдыңда “Республика-Ата-Журт” аталыштагы партия 2015-жылы, парламенттик шайлоонун алдында пайда болгон. “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен “Ата Журттун” төрагасы Камчыбек Ташиев ушундай чечимге келишкен. Эксперттер эки партиянын биригишин түндүк жана түштүк жергесиндеги шайлоочулардын добушун алууга аракет катары баалашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз