Понедельник, 6 мая

Өкмөт трансформация маселесин эмнеге карабай жатат?

0

Жер тилкелерин трансформациялоо маселеси ушул күнгө чейин ачык бойдон турат. Жогорку Кеңеш бир жыл мурун элге пайдалуу мыйзам долбоорун кабыл алып берген. Бирок ушул күнгө чейин өкмөттүн бул багытта аракети байкала элек. Мындай пикирин парламент төрагасы Дастан Жумабеков ЖКнын кезектеги жыйынында билдирди.

“Бир жылдан ашык убакыт мурун биз транформация боюнча жакшы мыйзам кабыл алып бергенбиз. Бирок өкмөт бул багытта ишти өтө жай жасап жатат. Жакында эле Сокулук районунун өкүлдөрү менен жолукканымда ушул маселе көтөрүлдү. Алардын айтымдарында такталбаган жерлерге эл өзүм билемдик менен үйлөрдү салып жатышыптыр. Адилет министрлиги ушул боюнча мыйзам иштеп чыгаары айтылган, бирок андан дайын жок. Бюрократиялык себептерден улам иш токтоп турат”,-деди төрага.

Ошондой эле спикер бул элдин турмушуна эң керектүү долбоорлордун бири экенин айтып өкмөттүн кийинки отурумунун күн тартибине киргизип, карап берүүнү сунуш кылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз