Понедельник, 6 мая

Саналуу сааттардан кийин Кыргызстан менен Мьянма беттешет

0

Туура жети сааттан кийин Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Мьянманын спортчулары менен беттешет. Аталган турнир 2022-жылы болчу Дүйнө чемпиондугу жана 2023-жылдагы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында өтүп жатат.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча 20:30да башталат. Футбол федерациясы маалымдагандай саат 18:00дөн тарта Кыргызстандын эстрада жылдыздары футбол күйөрмандарына концерттик
шоу-программа тартуулашат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Мьянма F группасынын, 3- турунда оюн көргөзөт. Кыргызстандын бул экинчи оюну. Буга чейин курама команда Тажикстан менен бет келишип, 1:0 эсебинде атаандаштын талаасында утулуп калган. Бүгүн ойной турган эки команданын азырынча турнирдик таблицада упайлары жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз