Понедельник, 6 мая

Балакатка жете электер баш кошууга шашылды

0

Нарын районунда 18 жашка чыга элек улан менен кыз баш кошууга аракеттенишкен. Бул тууралуу социалдык кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда аталган райондогу Миң-Булак айылынын 2002-жылы туулган тургуну 9-классты аяктап эле Бишкекке иштөө үчүн келген. Ал көп балалуу үй-бүлөнүн тун перзенти, атасы менен апасы жумушсуз болгондуктан жаш кезинен иштеп, акча табууга аракет кылган. Бул үй-бүлө райондун социалдык кызматына аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоого алынган.

Улан Бишкекте иштеп жүрүп тигүү цехтеринин биринде иштеген 17 жаштагы кыз менен таанышат. Бир канча убакыт жолугушуп, бири бирине жаккан улан-кыз баш кошууну чечишет. Алардын мындай чечимине ата-энелери каршы болгон эмес. Улан кызды кичи мекенине алып барып той шааниси башталат. 8-октябрда нике окутулмак болот. Бирок молдо кыз менен күйөө эрезеге жете электигин угаары менен нике окуудан баш тартып, милицияга да бул тууралуу кабар берет.

Милиция окуяны каттоого алды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, анын негизинде юридикалык баа берилет.

Ал эми баш кошууга шашылган улан-кызга ошону менен нике кыйылган жок, анткен менен кыз барган жеринде жашап калганы айтылууда. Ошондой эле социалдык кызматкерлер кыздын кош бойлуу эместигин да белгилешти.

Акыркы жылдары Кыргызстанда эрезеге жете электе турмушка чыккан кыздардын саны көбөйүүдө. Кыздардын 18 жашка толгонго чейин жана 18, 19 жашында турмуш жүгүн аркалоосу эрте турмушка чыгуу болуп эсептелинет. Улуттук уюмунун өнүктүрүү программасынын гендердин адиси Үмүтай Даулетованын айтымында Кыргызстанда 15-17 жашында турмуш кургандардын саны өсүп жатат. Айтымында мындай көрүнүштөрдүн көбөйүшүнүн себеби көп. Алардын 23 пайызы кыздардын өз каалоосу менен болсо, 18 пайызы жакырчылыктын өсүшүнүн, 17 пайызы жаштардын жыныстык жактан эрте жетилиши, 16 пайызы башка таасирлердин кесепетенинен улам болууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз