Кыргыз Өкмөтү тарабынан «2019-2021-жылдарга карата экономиканын көмүскө секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыккан.Улуттук статистикалык комитетинин баалоосу боюнча 2017-жылы көмүскө экономиканын көлөмү 125,2 млрд сом өлчөмүндө болгон, анын ички дүң продукциядагы үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 пайыздык көрсөткүчкө чейин төмөндөп, 23,6 пайызды түздү. Статистикалык комитети 2018-жылга карата көмүскө экономиканы баалоо боюнча иштерди жүргүзүлдү. Аны менен катар жеке жана эл аралык компаниялар айрым ишканалардын өкүлдөрүнүн чакан тобуна жүргүзгөн сурамжылоо жана субъективдүү көз караштардын негизинде көмүскө экономикага мүнөздөмө беришкен.
Көз карандысыз SIAR Research&Consulting компаниясынын 2019-жылдын июнь айында жүргүзгөн иликтөөсүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономиканын ИДПдагы деңгээли 29,8% түзөт. Сурамжылоого 502 чакан, орто жана чоң ишканалар катышкан.
Мына ушундай көмүскө экономика дээрлик 30 пайызды түзгөн абалда бюджет тартыштыгы 10 миллиард сомдун тегерегинде болууда. Экономика боюнча эксперттер биздин өлкө шартында көмүскө экономиканын 30 пайызга жетиши өтө чоң көрсөткүч экенин айтышат. Жакында өкмөт 2020-жылдын республикалык бюджетин кабыл алды. Парламент депутаты, бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү Марлен Маматалиевдин айтымында бул жылы республикалык бюджеттин чыгашасы 180 миллиард сом, ал эми кирешеси 170 миллиард сомду түздү. Ошондо ортодогу жетишпеген каражат 10 миллиарддын тегерегинде.
“Өкмөттүн иш багыты ошол чыгаша менен кирешенин теңделбей калган каражатын теңдөө болот. Кирешени чыгашага ылайык кантип толтуруу керек – өкмөт ушул менен алектенет. Кварталга бөлүп аткарылышын карайт. Парламент болсо аны көзөмөлдөөгө тийиш”, — деди депутат Маматалиев.
Айтымында алты айдын алакагында бюджет 10 миллиард сомго аткарылбай жаткан болсо, тогуз айдын ичинде бул сумма азайды – жетишпестик беш миллиардды чапчыды. Бирок депутаттын айтымында бюджеттин толбой калышы дарыгер, мугалим өңдүү мамлекеттин казынанын колун караган кызматкерлерге коркунучу жок. Анткени бул кызмат ээлери “кызыл чийинге” карайт, алардын маянасы бюджеттин толгон-толбогонуна карабай, биринчи каражат менен төлөнүп берилет. А бирок өлкөнүн башка керектөөлөрүнө каражат артпай калышы ыктымал. Мисалы капиталдык чыгашаларга – жол куруу, суу чыгаруу, мектеп куруу өңдүү социалдык маселелерге жарыктын жетиши кыйындайт.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттин толбой жатканына аткезчиликти айыптады. Көмүскө экономиканын 30 пайызга жете келиши өкмөт башчыны түйшөлдүрбөй койгон жок. Ал акыбалдан чыгуунун бирден бир жолу катары өлкөнү толук кандуу санариптештирүүнү кароодо. Көз карашында өлкөгө кирип жана чыгып жаткан товарларды электрондук каттоого алуу менен маселени чечүүгө болот. Ошондой эле салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жумуштарын тездетүү да зарыл.
«Фискалдаштыруу маселеси күчөтүлсө аткезчилик токтойт. Күйүүчү май, буудай, жыгач товарларын түн ичинде эки эсе арзан алып кетип жатышканы айтылууда. Алардын өлкөдө канча көлөмдө колдонулуп жатканы белгилүү эмеспи”, — деген Абылгазиев каржынын жетпей калганын аткезчиликтен көрүүдө.
Бир канча убак мурда Экономика министрлиги тарабынан көмүскө экономиканын абалы иликтенген. Анын жыйынтыгында ишкерлер салыктардын татаалдыгына даттанышып, мындан улам көмүскө ишмердүүлүк аргасыздан болуп жатканын белгилешкен. Ошондой эле ишкерлер өлкөдөгү саясий туруксуздук да ишкерчиликтин ачык-айкын болуусуна тоскоолдук жаратаарын белгилешкен. Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыгулов Кыргызстанда рынок чакан экенин, мындай абалда аткезчилик жол менен киргизилип жаткан товарлар түз иштеген ишкерлердин ишине терс таасирин тийгизээрин айткан.
Ал эми экономика боюнча эксперттер социалдык төлөмдөрдүн көптүгү ишкерлерди буттан алаарын да билдиришкен. Алардын пикиринде көмүскө экономиканын келип чыгышына мыйзамдардын так эместиги, ийкемдүү салык саясатынын жоктугу да өбөлгө болуп жатканын эске салышкан.
Мына ушундай иликтөөлөрдөн кийин өкмөт ишкерлерге шарт түзүү аны менен катар мамлекеттик казынаны толтуруу багытында чечкиндүү чараларды көрө баштаган. Мисалы 2018-жылы ишкерчиликти негизсиз текшерүүнү кыскартуу максатында мамлекеттик көзөмөл кызматтарынын текшерүүлөрүнө эки жылдык мараторий киргизилди. Ошондой эле жаңы түптөлгөн ишканалар ишкерчиликти колдоо алкагында үч жыл эч кандай текшерүүгө кабылбайт. Бул алардын бутунан туруп алышына ылайыктуу болот. Салык мыйзамы да экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында бир топ жеңилдештирилди. Айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы сексен пайызга кыскартылды. Технологиялык жабдыктарды импорттогон ишкерлер болсо бажы төлөмүнөн бошотулду. Жыйынтыгында Кыргызстанда салык төлөмдөрү коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу абдан эле ылдый болуп калды.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев бюджеттеги таңкысты жоюу үчүн көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтүү керек дейт. Ал белгилегендей ИДПнын реалдуу өсүшү өнөр жай тармагына байланыштуу болууда. Кыргызстанда учурда ири соода түйүндөрү көп, бирок алардын кантип иштеп жатканы тыкыр көзөмөлгө алынган жок. Буларды тартипке келтирүү зарыл, товар кайдан келип жатат, кантип сатылып жатат – баары көзөмөлдө болууга тийиш. Аткезчилик көбөйгөн үчүн “Газпром” көлөмүн азайтып жатканы айтылды. Бул да болсо көмүскө экономиканын кулач жайганынын белгиси.
“Кыргызстанда газ, же мунай жок, андыктан өлкөбүздүн казынасы салык жана бажы төлөмдөрү аркылуу толоору белгилүү. Айрым тараптар салыктан качуунун жолун издөөдөн чарчай элек. Көп жерде “экинчи бухгалтерия” деген бар, бул казынага каражаттын толук түшпөй калышын шарттайт. Көмүскө экономика азайып, салык толук төлөнө баштаса бюджет тартыштыгы да азаят”, — дейт Айылчы Сарыбаев. Ал салыктан качкандардын жолу буулса бюджеттин калыбына келүү мүмкүнчүлүгү көбөйөөрүн белгиледи.
Экономика адистери салыктарды көбөйтүү зарылчылдыгын айтышууда. Салыктардын толук жыйналбай жатышынын себеби катары коррупциянын тамыр жайышын белгилегендер да бар. Ошондой эле мамлекеттик ишканалар натыйжалуу иштете албай жатканыбыздын кесепети. Айрым ишканалар жеке менчик кезинде кирешелүү болуп саналып, мамлекеттин карамагына өтөөрү менен чыгашалуу болуп калаарын эске салган эксперттер каржы саясаты жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканын айтышат. Алар белгилегендей ар жылдын бюджетинде мурунку жылга караганда кескин өзгөрүү боло элек, ашып кетсе бир-эки миллиард сомго эле көбөйөт, ал эми бул өзгөрүү, каржы саясатынын өнүгүүсү катары бааланбайт.