Грузияда өтүп жаткан ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында Кыргызстан ушуну менен үчүнчү медалга ээ болду.
10-октябрда 70 кг салмактагы грек-рим күрөшүнүн балбандары бет келишип, кыргызстандык Канат Шабданов Россиядан келген спортчу Геворг Тоноянди жеңип алды. Андан кийин Грузиянын балбаны Мамук Хемшиашвилиге жеңилгени менен швециялык Ларс Брандстромду артка калтырды. Ошону менен Канат Шабданов күмүш медалга ээ болду.
Буга дейре 45 жаштагы ЖК депутаты Тазабек Икрамов коло медаль алган. 59 жаштагы Бердикул Караев күмүш медаль тагынган.
Белгилей кетсе ардагерлер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги Грузиянын Тбилиси шаарында өтүүдө.