Пятница, 22 ноября

Кафе-ресторанда тамактанганды сүйүүчүлөргө кандай коркунуч жаралаары иликтенди

0

Жакында дүйнө илимпоздору рак илдетинин келип чыгуу себептерин дагы бир ирет иликтешти. Иликтөөгө 10, 1 миңдей адам катышкан. Алар акыркы 24 саатта, жети күндө, 30 күндө жана 12 айда эмне ичип-жешкенин айтып беришкен. Ошондой эле катышуучулардан ПФAC топтомуна кирген ар кандай зыяндуу заттарды аныктоо үчүн кан тапшырышкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында үйдөн тамактанууну жакшы көргөн адамдардын организминде ПФАС азыраак өлчөмдө кездешкени белгилүү болгон. Ал эми фастфуддарды сүйүүчүлөр менен кафе-ресторанга көп каттагандардын канынан химикаттар көп табылган. Бул таңгакталган тез даяр болуучу азыктар ар кандай заттарга булганып калаарын далилдейт.

Иликтөөдө ПФАС рак, калкан бездеринин ооруларын жана башка илдеттерди жаратаары көрсөтүлгөн.

Буга дейре Япониядагы Тохоку университетинин илимпоздору тамак-ашка козу карынды көп кошуу рак илдетинин пайда болуу коркунучун байкалаарлык азайтаарын айтып чыгышкан. Мындай тыянакка алар өлкөнүн 40 жаштан 79 жашка чейинки жашоочуларын бир нече жыл байкаштыргандан кийин келишкен.
ПФАС – бул организмге ар кандай оор илдеттерди чакыруучу зыяндуу заттардын топтому.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз