Пятница, 3 мая

Тажрыйбалуу врачтар жаш доктурларга эмнеге бут тосот?

0

Ооруканалардагы улуу муундагы тажрыйбалуу врачтар жаш доктурлардын операция жасоосуна мүмкүнчүлүк бербей жатат. Мындай пикирин депутат Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

«Көп жылдан бери операция жасап жүргөн доктурлар операция бөлүмүнөн чыгышпайт экен. Себеби анын бардыгы акча. Эгер жаштар бейтаптарды дарылабаса, операция жасабаса тажрыйбаны каяктан алышат? Мындан улам азыр операция жасап жаткандар бир күнү кокус өтүп кетсе алардын ишин ким улантат деген суроо келип чыгат»,- дейт Турсунбеков.

Депутаттын бул суроосуна саламаттык сактоо министри так жооп кайтара алган жок.
Мындан тышкары Турсунбеков өлкөдөгү дары саясатын сынга алып, чет мамлекеттен келген дары-дармектер бул жакта баасы асманды чапчып жатканын баса белгилеп электрондук системаны тезирээк ишке ашыруу зарылчылыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, учурда КСДП парламенттик фракциясы Саламаттык сактоо тармагындагы абалды талкуулап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз