Пятница, 3 мая

Туризм тармагынын “үнү угулбаган” араңжан жетекчилери Абылгазиевдин сынына кабылды

0

Кыргызстандын туризм тармагынын жетекчилери бизнес үчүн багытты формулировкалоодо керектүү сигнал бере албай жатышат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.
Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине карашатуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу жана «Кыргызтуризм» мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков туризм тармагынын азыркы абалы жана өлкөнүн туристтик дараметин арттыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Абылгазиев аталган жетекчилердин туризм тармагын алдыга чыгаруу, өнүктүрүү иштеринде жетиштүү аракеттенбей жатканын белгилеп, сынга алды:

«Учурдагы көйгөйлөрдү чечүүдө креативдүү жана стандарттуу эмес ыкмаларды колдонуу зарыл. Тилекке каршы туристтик тармактын жетекчилеринин үнү угулбайт. Силер бизнес үчүн багытты формулировкалоодо керектүү сигнал бере албай жатасыңар. Бул жергиликтүү өз алдынча органдардын дагы, калктын дагы, бизнестин дагы кыйла натыйжалуу багыттар боюнча туризмди өнүктүрүү зарылдыгын түшүнбөстүгүнө алып келет. Ушул кезге чейин туристтик Кыргызстан деген эмне экени тууралуу так баам жок. Туризм тармагына кандай долбоорлор керек, локациясы жана көлөмү кандай болуш керек деген айкын түшүнүк да жок. Ошол эле учурда жылдан-жылга туристтердин, туризм объектилеринин саны көбөйүүдө. Системалуу иш болбой жатканы айкын. Мындай жагдайда натыйжалуу бизнес-моделдери киргизүү менен дагы өлкөнүн туристтик кудуретин толук кандуу колдонгонго мүмкүнчүлүк болбойт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы өлкөнүн туризм тармагынын жетекчилерине жалган, эскилиги жеткен, талап кылынбаган иш-чаралардын ордуна, натыйжалуу кадамдарга күч жумшоо зарылдыгын эскертти. Мындан тышкары туризмди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана артыкчылыктарын талкуулоо үчүн ачык аянтча уюштурууга басым жасоону сунуш кылды.

Эске салсак бул жылы Дүйнөлүк экономикалык форумдун отчетунда Кыргызстан туризм тармагындагы атаандаштык боюнча араң эле 110-орунга илешкен. Форум 140 мамлекеттеги акыркы 2 жыл аралыгындагы туризимдин өнүгүшүн изилдеп чыгышкан болчу. Кыргызстан мурдагы подсоветтик өлкөлөрдүн (Орусия -39-орун, Украина -78, Армения -79, Казакстан- 80, Таджикистан 104) арасынан эң акыркы болгон. Бул көрсөткүч өлкөнүн туризм Департаментиндеги жетекчилик премьер-министрдин буйругу менен алмашкандан кийин бир жылдан соң жарыяланды. Мындан улам өкмөт башчыны өзү дайындаган кадрлары ишенимин актабай, оңтойсуз абалга кептедиби деген ой жаралат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз