Адвокат Сергей Слесаревдин айтымында мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди бошотуу боюнча айыпталып жаткандар айыппул төлөө менен кутулуп кетиши мүмкүн.
“Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталган жаткандардын 14ү айыппул төлөөгө чегерилди. Алар тергөө менен кызматташууга макул болгондор. 14 шектүү камакка алынышкан, андан кийин канча бир убакыт өткөндөн соң аларга тергөө менен кызматташууну сунуш кылышкан. Талап кылышкан көрсөтмөнү берип, камактан чыгуу, кийин эркинен ажыроого туш болбоо мүмкүнчүлүгүн алуу аларга албетте керек болду. Бул 14 адам 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасынан кутулуп, айыппул төлөө менен чектелишет”, — деди адвокат.
Эске салсак Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары аяктаган. Бүгүн биринчи ирет Биринчи май райондук сотунда соттук угуу болду. Бул жабык режимде өткөрүлгөндүктөн журналисттер киргизилген жок. Сотко мурдагы башпрокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева келишти. Жалпысынан 19 мурдагы аткаминерлер айыпталып жатат. Башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев турат.