Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк аскерлеринин Сириянын түндүгүндөгү операциясына терс пикирин билдирген Европа биримдиги менен араб өлкөлөрүнө жооп кайтарды.
Түрк президенти 10-октябрда телеканал аркылуу кайрылуу жасады. Анда эгер араб өлкөлөрү менен ЕБ Анкаранын күрддөргө каршы чабуулун «мыйзамсыз бастырып кирүү» деп расмий тааный турган болсо, ЕБ өлкөлөрү менен чек арасын ачып саларын, 3 миллиондон ашык сириялык качкындын агымын токтотпой коёрун эскертти.
Мындан тышкары Эрдоган Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сисини «өз өлкөсүндөгү демократияны өлтүрүүгө», Сауд Арабияны Йемендеги жай тургундардын өлүмүнө айыптады.
Ошондой эле түрк президенти Сириянын түндүгүндөгү топторго каршы чабуулду «террорчулукка каршы күрөш» катары баалады. Айтымында жортуул башталгандан тартып террордук топ деп эсептелинген күрд куралдуу күчтөрүнүн 200дөн ашык согушкери жок кылынды.
Түрк аскер жетекчилери жердеги операциялар күчөгөнүн, абадан 180ден ашык чабуул коюлганын жана анын негизинде ондон ашык айыл-кыштакты ээлеп алышканын маалымдаган.
Эрдогантерористтер жоготууга учурап жатканын жана каза болгондордун арасында катардагы жарандар да бар экенин тастыктады.
Түркия Сириянын түндүгүндөгү операциясын 9-октябрда баштаган.