Пятница, 3 мая

Аткаминерлерге Атабеков менен ырдоо “салтка” айланганда – Видео

0

Авиациялык коопсуздук жана “Манас” абамайданынын режими дирекциясынын жетекчиси Данияр Абдыкадыровдун ырчы Мирбек Атабеков менен ресторанда дуэт ырдаганы интернетке жарыяланды.

Эске салсак 7-октябрь жыл сайын Кыргызстанда жарандык авиация күнү катары белгиленип келет. Видеодогу авиация тармагынын жамааты шаан-шөкөт менен майрамды белгилеп, жетекчиси ырчы менен жарыша ырдаган көрүнүш коомчулукту нааразы кылды. Анткени 8-октябрдан тартып бүгүнкү күнгө чейин “Манас” абамайданында Бишкек –Ош багытындагы бардык каттамдар токтотулган. Карапайым эле жабыр тартып жатканда абамайдандын жетекчилигинин тойлошу жараатка тийгендей болду. Айрымдар каттамдардын токтотулганы “Эйр Манас” компаниясынын учактарынын техникалык талаптарга жооп бербегенинен улам эмес, абамайдандын кээ бир жетекчилери менен кызматкерлери 7-октябрдагы майрамдан бери ичимдиктен көзү ачылбай жатканынан болгонун айтышты.

Ал эми “МАМ” ААКнын маалымат катчысы Алия Курбанова майрамдын белгилениши менен каттамдардын токтотулушунун эч кандай байланышы жоктугун соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал видеосу интернетке тараган кечеге компаниянын бир тыйыны кетпегенин, беш жылдан бери эмгек жамаат бул күндө өз чөнтөктөрүнөн чыгарган акчаларды чогултуп белгилеп келатышканын белгиледи.

Акыркы убакта мурдагы жана учурдагы аткаминерлердин ырчы Атабековго суроо-талабы көбөйө баштагандай. Жакында эле депутат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү тоюнда Өмүрбек Бабанов да Мирбек Атабеков менен чогуу дуэт аткарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз