Пятница, 3 мая

Жарандар эмне себептен стресске кабылышат?

0

Учурда коомчулукта стресс, депрессия жана башка ушуга окшогон түшүнүктөр пайда болгон учур. Психикалык ооруга чалдыккан адамдардын саны күн санап өскөнү менен абдан оор абалда гана дарыгерге кайрылбаса, башка учур¬да ар бир адам соо адамдай эле жүрө берет. Анткен менен бул тымызын өөрчүп акыр аягы ден соолукка олуттуу зыянын тийгизет. Бул туурасында “Психикалык ден соолукту коргоо боюнча өкмөттүн программасын ишке ашыруу. Заманбап чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген темадагы жыйындын жүрүшүндө айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин дары саясаты жана алгачкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Калмаматов психикалык ден соолук боюнча мамлекеттин программасын ишке ашыруунун зарылчылыгын белгилеп, психиатриялык мекемелердин бейтаптарына болгон мамилесин өзгөртүү, мамлекеттин жана коомчулуктун көңүлүн психикалык ден соолук көйгөйлөрүнө буруу маанилүү экенине токтолду.

Акыйкатчы Токон Мамытов психикалык ден соолукту чыңдоо, психикалык абалдын бузулушунун алдын алуу, дарылоо жана психикалык жактан жабыркагандарды реабилитациялоо, аларга кам көрүү мамлекеттин милдети болуп саналаарын кошумчалады.

Айта кетсек Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө болжол менен 450 млн адам психикалык, неврологиялык, психосоциалдык мүнөздөгү оорулардан жапа чегишет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз