Пятница, 3 мая

Депутат министрди «асмандабай жерге түш» деди

0

Меценат өзүнүн акчасына Кыргызстанда 70 бейтапка операция жасатып берүү демилгесин көтөрсө Саламаттык сактоо министрлиги көңүл дагы буруп койгон жок. Мындай пикирин депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Зулпукаров Космосбек Чолпонбаевге кайрылып «меценат операцияга муктаж болгон 70 адамдын тизмесин сурап Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып жооп ала албай, министр менен жолуга албай койду. Бул деген уят да. Сиз эмне кылып жатасыз? Сиздин орун басарлар эмне иш кылат? Жерге түшсөңүздөр, асманга чыгып кетпей»,- деди.

Ошондой эле ал меценат Жалал-Абаддагы клиникага кайрылып 70 бейтаптын операциясынын акчасын төлөп бергенин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз