Пятница, 3 мая

Дүйнө чемпионатында Мелис Турганбаев да ийгилик жаратты — Видео

0

Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев 11-октябрда эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиону болду. Ал 75 кг салмактагы категорияда килемге чыккан. Ирандын, Украинанын, Казакстандын жана АКШнын балбандарын кезеги менен жеңген биздин ардагер дүйнө биринчиси болуп таанылды.

Эске салсак Дүйнө биринчилиги Грузиянын Тбилиси шаарында өтүүдө. Буга дейре грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан барган үч ардагер балбан алтын, күмүш жана коло медалдын ээлерине айланышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз