Суббота, 20 апреля

Алтымыш жаштын ашуусу

0

“Жаңы Ордо” гезитинин уюштуруучусу, белгилүү журналист жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бекен Назаралиев 10-октябрда 60 жашка толду.

Коомдо жашап туруп, коомдон сырткары болуу дегеле мүмкүн эмес экен. Айрыкча бул гезитке, анда эмгектенген журналисттерге таандык. Тээ, өткөн кылымдын 90-жылдардагы Акаев заманынан ушу таптагы саясатка чейин “Ордонун” да, Б. Назаралиевдин да басып өткөн өз чыйыры бар. Дээрлик 16 жылдан бери коомчулукту маалымат менен үзгүлтүксүз камсыздап, кыргыз гезиттеринин сап башында келе жаткан “Ордонун” кожоюнун куттуктап, 60 жаштын алгачкы күнүндө ал тууралуу замандаштардын ой-пикирин сурадык:

Керим Турапов, Кыргыз эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси:

«Бекен экөөбүз, 1959-жылдын онунчу айынын, онунчу күнүндө, бир күндө, бир саатта төрөлгөн экенбиз»

— Бекен досумду, ал “Кыргыз руху” газетасында иштеп жүргөн кезинен бери билем.

Бирок, анын сүрөт окуу жайын аяктаганын билчү эмесмин. Журналист катары таануучумун. Көрсө, кийин билсем, Бекен досум көп кырдуу чоң талант экен. Анын, “Кун”, “Баткен туткуну” аттуу китептери окурмандар арасында жылуу кабыл алынды. Жакшы пикирлерди угуп жатам. Эли, журтубузду таң калтыра турган чыгармаларды жаратат деген ойдомун.

Бекен экөөбүз, 1959-жылдын онунчу айынын, онунчу күнүндө, бир күндө, бир саатта төрөлгөн экенбиз. Бүгүн 10-октябрда экөөбүз тең алтымыш жашка толдук. Ушул күнү экөөбүз, бири-бирибизди эстейбиз, куттукташып, жакшы каалоо-тилектерибизди айтышабыз. Ал эми журналист катары, акты ак, караны кара деп жазып келген эң бир күчтүү журналист деп айтат элем. Мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдерди учурунда сындап келсе, кызматтан кеткенде алардан биринчи болуп маек алып келгени бар. Алдына койгон максаттарына акырындап, көгөрүп отуруп жетип жатат. Ал эми адам катары, досчулукту бийик туткан, жолдошчулукка бекем турган жигитчилик мүнөзү бар. Мен дагы акыркы кезде дос дегенге башка көз караш менен карап калдым. Дос дегендин баары эле дос кадырына жетпейт экен. Тамак ичкен жерде, чогуу отуруп койгон адамды деле дос деп жүрө бериптирмин. Андай адамдар эч качан түбөлүк дос боло алышпайт экен. Азыркы заманда дос кадырына жетиш кыйын кез. Досту, достой билген, барктай билген бул чоң касиет. Досум Бекенге, бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм.

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси:

«Эң башкысы, коом алдында Бекен Назаралиев деген өз атын, фамилиясын таза кармап, булгаган жок»

— Бекен Назаралиев, кыргыз журналистикасында эң калеми курч, кашкайган чындыкты президенттерге чейин айтып келген, тайманбас журналист деп билем. Кыргызстанда ошондой эки адам болсо ошонун бири, ал эми жалгыз болсо да өзү гана деп, мен терең урматтаган иним Бекенди айтат элем. Кыргызстанда журналистмин дегендер көп, бирок Бекен жасаганды бирөө да жасай элек. Ал кыргыз журналистикасына коллаж деген жанрды киргизгени менен басма сөз тарыхында калды. Чындыкты жазам деп бийликтин азап-тозогун да көрдү, канча ирет гезиттерин жабышты. Ал адилетсиз соттордун мыйзамсыз чыгарган чечимдерине моюн сунуп, колун түшүрүп отуруп калган жок. Бийликтегилер күчкө салып гезиттерин жапса да, кайрадан көгөрүп жаңы гезиттерин чыгарып, кайрадан бийлик менен күрөшүп келе берди. Бул Бекендин өжөрдүгү, көктүгү, эч нерседен тайманбас көкжалдыгы деп айтат элем. Ал бүт өмүрүн журналистикага арнады, артынан мыкты шакирттерин тарбиялап чыгарды. Ушунча жылдардын аралыгында, Бекен иним өзүнүн журналисттик мектебин ачты деп айтат элем. Канчалаган журналист шакирттеринин багын ачкан, үлгүлүү устат, мыкты саяпкер журналист катары эл оозуна алынды. Ал ушундай, эл сыйлаган даражага эмгекчилдиги, көк беттиги, маңдай тери менен жетти. Эң башкысы, коом алдында Бекен Назаралиев деген өз атын, фамилиясын таза кармап, булгаган жок. Ошон үчүн аны окурмандары, элибиз сыйлашат, урматташат. Ошондой сыйга Бекен иним татыктуу. Бекен Назаралиев көп кырдуу талант, ал сүрөтчү, журналист, драматург, прозаик экени белгилүү. Акыркы жылдары, Бекен инимдин эки китеби чыгып, кара сөз чебери, дасыккан жазуучу экенин өз окурмандарына көрсөтө алды. Азыркы күндө, Кокон хандыгынын оош кыйыштуу мезгилин камтыган тарыхый романдын үстүнөн иштеп жатат. Китебин аяктап калдым дегендей болду. Өзүнүн жазуучулук чеберин дагы бир ирет сынап көрөйүн дегени го. Таланттуу кишиге баары оңой, ал эми таланты жок адамга бардыгы кыйын. Бекен иним, ден-соолукта болуп, чыгармачылык ийгиликтерди, анан аманчылыкты каалайм.

Ильгиз Гилязетдинов,      Кыргыз эл жазуучусу:

«Бекен инимди көп жылдан бери, белгилүү журналист катары билгеним менен анын чоң талант, дасыккан жазуучу экенин билген эмес экенмин…»

— Бекен иним, биринчи кезекте күжүрмөн, медия майданында өз орду, айтар сөзү бар, көздөгөнүн бербеген, өтө принципиалдуу көкжал журналист. Ушунча жылдан бери өз позициясынан кайтпай, элдин жүгүн көтөрүп, өз жүзүн жоготпой келаткан бир сырдуу, көп кырдуу чоң талант. Болгондо да аналитикалык ой жүгүртө алган алган, кээ бир журналисттерге салыштырмалуу көсөмдүк жагы бар. Коомдогу ар кандай маселелерди тамырына чейин үңүлүп кирип, анан жазат. Мамлекеттик масштабда ой жүгүртө алган, кемчилиги болсо ким экенине карабай бетине айта ала турган журналист. Мындай көсөмдүк, турмуштук көп жылдык бай тажрыйбадан келип чыгат. Мен, Бекен Назаралиевдин “Кун”, “Баткен туткуну” деген аталыштагы эки китебин окуп чыгып, гезит беттерине өз пикиримди жарыялап чыктым. Бекен инимди көп жылдан бери белгилүү журналист катары билгеним менен анын чоң талант, дасыккан жазуучу экенин билген эмес экенмин. Анын китептерин окуп чыккандан кийин ал эбак жетилген жетик, прозанын чебери, алда качан эле дасыгып калган чоң жазуучу экенин билбептирмин. Жазуучу инимдин китептерин окуган соң гана калеми алда качан тапталып калган жазуучу экенине ынандым. Тан бердим, азамат. Бекен инимдин, мактай кетчү бир сапаты адамгерчилик, жакшы мүнөзү бар, ошондой эле сылык-сыпаа, улууну урматтаган, кичүүлөрдү сыйлаган жогорку бийиктигин айта кеткен оң. Калемдеш иним, Бекенге чыгармачыл ийгилик, чың ден-соолук, үй-бүлөөлүк бакыт каалап кетем.

Бекболот Талгарбеков, коомдук-саясый ишмер, экс-министр:

«Мекенчил позициясы менен кыргыз элинин урмат-сыйына татыктуу боло алды»

— Кыргызстанда таланттуу, күчтүү журналисттер көп. Ал да болсо өлкөдө сөз эркиндиги барынын натыйжасы. Алардын арасында Бекен Назаралиевдин өзгөчө, даражалуу орду бар. Ал өз принциптери күчтүү журналист гана болбостон, ошондой эле, эмгек жолунда өзүн кыраакы жетекчи жана таланттуу жазуучу катары да көрсөтө алды. Назаралиев талыкпаган чыгармачыл изденүүсү, күжүрмөн эмгеги, мекенчил позициясы менен мыкты ийгиликтерди жаратты жана кыргыз элинин урмат-сыйына татыктуу боло алды. Мындан ары да үзүрлүү эмгектене берүүсүнө тилектешмин!

Феликс Кулов, мурдагы премьер-министр:

«Бекен Назаралиев баарына калыс, коомдогу чындыкты анын ким экенине карабай объективдүү жазган инсан экенин билебиз»

— Мен Бекен Назаралиев туурасында кыскача оюмду айта кетейин. Албетте журналистика коомдун күзгүсүндөй баарын ачык чагылдырган нерсе. Ал көп жылдардан бери кыргыз журналистикасына өз салымын кошуп келет. Бекен иним, өтө намыскөй, дайыма чындыкты гана айтып жазып келгени менен коомчулукта белгилүү. Өзгөчө саясатчыларга, журналистикада иштеген кесиптештерине, бизге үлгү болчу сапаттары бар. Бекен Назаралиев баарына калыс, коомдогу чындыкты анын ким экенине карабай объективдүү жазган инсан экенин билебиз. Биздин коомчулукта Бекен мырзадай журналисттер аба менен суудай керек.

Молдомуса Конгантиев, генерал-лейтенант:

«Бекенди сындырабыз деп аракет да кылып көрүштү, бирок ал көздөгөн максатынан, журналист катары алган багытынан кайткан жок»

— Бекен инимди, мен көп жылдардан бери жакындан билем. Адам катары, деңгээли өтө бийик, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, акылман, өтө мыкты инсан деп айтсам жаңылышпайм. Дайыма акыйкатты туу туткан, чындык деп жашап, иштеп, ошондой эле баскан турганы менен башкаларга үлгүлүү өмүр сүрүп келген журналист. Кетмен чапкан дыйкандай тынбай, чарчаганды билбей, өжөрдөнө иштеп жүрүп кыргыз элинин алдында чоң абройго жетишип, кадыр-барк күттү деп айтат элем. Бекен Назаралиев өз тагдырын тобокелге салып, керт башын канжыгага байлап коюп, башка журналисттерге үлгү болчудай коррупциялык иштердин бетин ачып, бийлик бутактарындагы коррупциялык иштер туурасындагы канчалаган чырлуу макалаларды жазды. Чындык издейм деп анын запкысын да көрдү. Коррупциялык иштерге аралашкан колу таза эмес адамдардын буйругу менен “Караңгыда коркутуп коёбуз!” дешип, тепкилеп кетишип, Бекен ооруканага жатып калган учурлары болгон. Ал коркуп калбай, кайрадан чаркка салган бычактай курчуду, өчөшкөндөй баштагыдан дагы күчтүү макалаларды жазды. Бекенди сындырабыз дешип, аракет да кылып көрүштү, бирок ал көздөгөн максатынан, журналист катары алган багытынан кайткан жок. Журналисттик кесбинде дайыма ийгиликтерди жарата беришине тилектешмин. Ден-соолукта болуп, көп жашасын демекмин. Ошону менен өзүндөй болгон курч, акыйкатчыл журналисттерди көбүрөөк тарбиялап чыгарсын. Адам баласындагы бардык жакшы сапаттар Бекендин кулк-мүнөзүндө бар. Эң башкысы ден-соолукта болуп, турмуштагы ийгиликтер коштоп жүрсүн.

Чолпон Султанбекова, мурдагы вице-премьер-министр:

«Бекен Назаралиевдин өзүнүн бекем позициясы бар, белгилүү журналист деп билем…»

— Эмне, Бекен аке алтымышка чыгып калыптырбы? Мага жаш көрүнөт, күткөн эмес элем. Мен чоң саясатка аралаша электе эле, Бекен акени жакындан таанычуумун. Баяман экөө бирин-бири сыйлаган жакын мамиледе болгон ага-инилерден болчу. Биздин үйдө көп ирет болуп, менин колумдан даалай жолу чай ичип, дасторконумдан даам татты. Мен алгач, мыкты инсан деп жогору баалаган адам катары жакшы билем. Андан кийин гана өзүнүн мыкты позициясы бар, калеми курч журналист катары билем. Эң башкысы, Бекен Назаралиевдин өзүнө гана таандык бекем позициясы бар, белгилүү журналист деп билем. Жалпы кыргыз элине өзүнүн ак эмгеги, айтканын бербеген өзүнүн турктуу мүнөзү менен таанылып, өз элинин арасында чоң кадыр-барк күткөн журналист. Азыркы күндө журналистмин дегендер Бекен Назаралиевден көп нерселерди, уялбай эле үйрөнүп алышса деген тилегим бар. Анын басып өткөн жолу, өзүнчө эле мектеп эмеспи. Дайыма, буга чейинки калыбынан кайтпай, өзү туу туткан чыркыраган чындыкты айткан инсан бойдон кала беришин каалайм.

Рашид Бостонов, “Кыргызнефтегаз” АКнын жетекчиси:

«Чыркыраган чындыкты бетке айта алган жагынан, Бекен досумдай боло алышпайт»

— Мен тааныган кезден бери, Бекен досум басма-сөз тармагында үзүрлүү иштеп келе жатат. Биз экөөбүз жакшы теңтушпуз. Газетада иштеп жүрүп, окурмандар тарабынан өзүнө аброй топтоду, эл сынынан өтүп кадыр күттү. Анын адамгерчилик сапатын, туруктуу позициясын баарынан жогору коём, ошону баалайм. Кыргыз журналистикасында Бекендин өз орду, чындык үчүн эч нерседен коркпогон тайманбас, көкжалдыгы бар. Мен ошого сыймыктанам. Кыргыз элинин келечеги, адамдын тагдыры чечиле турган жерде, ал дайыма эл тарапта чептей болуп тик туруп бере алат. Кыргызстанда журналисттер көп, башка журналисттер таарынбай эле коюшсун, бирок дайыма чыркыраган чындыкты бетке айта алган жагынан Бекен досумдай боло алышпайт. Бекенге ден-соолук, өмүр каалайм. Кудайым, эки дүйнө досумду жаман сөздөн, жаман көздөрдөн сактап келсин деп тилейм.

Өмүрбек Абдырахманов, ЖКнын мурдагы депутаты, жеке ишкер:

«Бекен мырза, журналисттердин арасынан прогрессивдүү инсан деп билем»

— Эми, Бекен Назаралиев кыргыз журналистикасында балпайган өз орду бар. Аны, профессинал, өз ишин мыкты билген журналист катары сыйлайбыз. Бүгүнкү күндө, журналист болуу менен бир гезиттин түйшүгүн, анын оор жүгүн көтөрүп, ушунча жылдан бери бери үзгүлтүккө учуратпай, токтотпой өз учурунда чыгарып келүүнүн өзү оңой иш эмес. Бекен менин көзүмө жаш эле көрүнчү, ал дагы алтымышка чыгып калган тура. Эми, бизге окшоп алтымыштын кырынан өткөндөрдүн партиясына кошулуп калат экен да. Жашы өтүп баратканы өкүнүчтүү. Бекен мырза, журналисттердин арасынан прогрессивдүү инсан деп билем. Ден-соолукта болсун, чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетем.

Азимбек Бекназаров, мурдагы КРнын башкы прокурору:

«Өз багытынан, бекем позициясынан танбай, дайыма ачуу чындык сөзүн айтып келаткан журналист катары жогору баалайм»

— Бекен инимди, өзүнүн сүйгөн кесибинин чыныгы ээси деп билем. Барчылыкта, жокчулукта дагы сыр билгизбей, өз калеминен алыс кете албай, көздөгөн максатынан тайбай, ошону аркалап жүргөн кесипкөй журналист катары, жогору баалап келем. Адам катары, биринчи президент Акаев мезгилинен бери, башка президенттер менен иштеп келсе да өз багытынан, бекем позициясынан танбай, дайыма ачуу чындык сөзүн айтып келаткан журналист катары жогору баалайм. Курч-курч маселелерди көтөрүп, чындыкка суусап турган курч макалаларын жазып, өз окурмандарына азык катары тартуулап турсун. Ага ден-соолук каалайм, ушул басыгынан, ушу жүрүшүнөн тайбасын, калеми мокобосун, мындан дагы курчусун. Үй бүлөөсү менен бактылуу өмүр сүрсүн деген ак тилектерим бар.

Абдырахман Маматалиев, көрүнүктүү коомдук саясый ишмер:-

«Утуру келген бийликке кошомат кылбай, ар дайым болгонун-болгондой, чындыкты бетке айткан эр азаматтардын бири»

— Эми, Бекен иним журналистикада өз киндигин өзү кескен, маңдай тери менен ушул даражага, элдин алкоосуна жеткен журналист, жазуучу деп билем. Элдин көңүлүн бурган маселелерде, ошол курч окуя болгон жерлерге өзү коркпой журналист катары тайманбай барып келгени жагы бар. Андай нерсе көрүнгөн эле журналисттин колунан келе бербейт. Баткен жергесине ИДУнун баш кесерлери кирип келгенде Бекен да ал жакка барып, окуяны өз көзү менен көрүп келип жазганы мага маалым. Ал барган жерлерге башка журналисттер бара алышкан жок. Мисалы, Турсунбек Акун экөө Чечен жергесинде президент Зелимха Яндарбиев, кийиңки президент Аслан Масхадов, Шамил Басаев, Мавлоди Удугов ж. б. чечен согушчул лидерлери менен жолугуп маек алганынан кабарым бар. Ал ошондой эле Тажикстан оппозициянын лидери Абдулло Нури, Хайиттеги Жума Намаганин аскерлери жайгашкан кыштакка чейин жөө барып келген бирден бир журналист. Ал эми Зардалыда ИДУнун командирлери менен жолукканы барыштын өзү эле эрдик эмеспи. Адам катары, өтө кичи пейил, жөнөкөй, улуу-кичүүнү сыйлай билген жагы бар. Утуру келген бийликке кошомат кылбай, ар дайым болгонун-болгондой кылып, чындыкты бетке айткан эр азаматтардын бири деп айткым келим турат. Мамлекетибиз үчүн, элибиз үчүн, күйүп-бышкан журналист экени талашсыз.

Бөдөш Мамырова ЖКнын мурдагы төрага орун басары:

«Бекендин коомчулуктун басма сөз каражаттарынын арасында өзгөчө орду, салмагы бар»

— Өмүрдүн ар бир күнү кымбат. Татыктуу жашоо кечирип, ак эмгек, адал мээнет менен айкалыштыра акыл парасат менен өмүр кечиргенде жашоонун маңызын, турмуштун кызыгын, өмүрдүн таттуулугун сезип, сезип эле тим болбостон убагы келип артка бир кылчайып саресеп салганда ак эмгектин эсте калчу изин көрүп каниет кылуу бул жашоонун негизи экенине ынанасың. Кылчайып өмүргө маани берүү же өзүңө өзүң суроо берип жооп издөө жылда эле кездеше берчү маал эмес экен го. Мунун да өзүнүн бир мерчемдүү мезгили болот тура. Ошондой орошон куракты багындырып кылчайып өткөн-кеткенди таразалап бай турмуш тажрыйбаны багынткан сөз чебери өмүрүнүн болуп-толуп турган мезгилин журналистикага арнаган «Жаңы Ордо» гезитинин ээси Бекен Назаралиевдин 60 жаш кутман курагы менен куттуктап, каалоо-тилегимди айтып коюуну туура көрдүм. 60 жаш айтканга оңой эле бир сан болгону менен жашоодогу бүтүндөй бир тарыхты камтыган, өткөн өмүрүңдүн бир жыйындысы. Жараткан пенделерине ар кандай жашты ыроолойт тура. Ошол эле мезгилде ар ким өз дарамети, акыл эмгегине жараша өмүр сүрүп, жашоо кечирет экен. Ошол жааттан алганда, Бекен 60 жаш кутман курагын адал эмгек, ак ниет иши менен коомдун көңүлүндө, элдин тараза ташында болуп, татыктуу чыгармачылык чыйырды артка калтырып, өтөлгөлүү өмүр менен келди десем ашыкча болбойт. Журналисттик ары татаал, ары жоопкерчиликтүү коом менен кошо жашап, туура так ой жүгүртүп, калыстыкты талап кылган түйшүктүү кесип, ал эми гезит чыгарып аны багып бапестеп кармап туруу бул да өзүнчө түйшүктү талап кылган, өзүн өзү бага албаган мээнеттүү тармак. Ошол жааттан алып караганда, журналистиканын казанында кайнап жогорку деңгээлде аналитикалык ой жүгүртүп, калыстыктан тайбай, болуп жаткан көйгөйлөрдү туура чагылдырып туруу ар бир эле редактордун эркинен жарала бербейт. Талыкпаган эмгек, тайманбаган эрк, кара кылды как жарган калыстык, беттегенин бербеген кайрат адамдык сапат таза ыйман анан албетте өз элине мамлекетине болгон мекенчилдик бирөөнүн жетегине түшпөгөн жашоо образы болуу зарыл. Жогорудагы айтылган сапаттардын баары Бекенге таандык. Ошондуктан дагы эки чылбыр бир тизгинди колунан чыгарбай гезитти кармап келе жатат. Бекендин дагы өзгөчө касиети өтө сабырдуу салмак менен иш кылган алдым-жуттумга алдырбаган токпейил мүнөз, мээнеткеч инсан. Азыр эмне көп бакма буюртма менен чыккан бүгүн бар эртең жабылып калчу басылмалар ошолордун арты менен жашоосун өткөргөн гезит кожоюндары көп. Бекендин гезитти бир калыпта кармап журналистикалык имиджди сактап турганынын сыры дагы өзүнүн өзгөчө принципти карманганында жана буюртма макала менен гезит бетин толтуруп бакма басылмага айлантпай өзү багып келе жатканында. Ушул багыттан алып караганда Бекендин коомчулуктун басма сөз каражаттарынын арасында өзгөчө орду салмагы бар редакторлордун катарында. Албетте жалгыз эле жумушунда эле эмес үй бүлөсүндө дагы камкор ата жоопкерчиликтүү кожоюн кадырлуу таята катары үлгүлүү үй бүлө күткөн мырзалардын катарындагы инсан катары билебиз. Ушундай түмөн түйшүккө сабырдуулук менен чыдап, элдин көйгөйүн пикирин калыс чагылдырып турган басылмалардын катарын толуктаган «Жаңы Ордо» гезитинин кожоюну Бекен Назаралиев коомдун көйгөйү менен алпурушуп атып ачып көздү жумганча 60 жашка келиптир. Андыктан окурман өзгөчө сый урматым бар эжең катары Бекен иним 60 жаш кутман курагың менен чын дилим, ак жүрөгүмдөн куттуктайм! Жараткан жакшылыгын берип жашооң дайыма жакшылыктарга толуп турсун! Сен түшүнгөн, сени түшүнгөн жакшы адамдар айланаңда көп болсун! Талбаган таза эмгегиңдин үзүрүн үй-бүлө, балдарыңа, неберелериңе буйруп ооматтуу күндөрдү Кудайым насип этсин! Бири-бирибизди түшүнгөн жакшы күндөрдө бир болуп, бир пикирде болгон күндөр көп болсун! Аман болуп, бар бол кыргыз журналистикасынын «Дыйканы», Базар-Коргондун атагы таш жарган Акман айылынын барктуу уулу Бекен Назаралиев!

Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты:

«Ошол, мыкты касиеттери менен журналист, адам катары мага абдан жагат»

— Бекен байке, өзүнүн салабаттуулугу, сабырдуулугу, сырдуулугу менен башкалардан айырмаланат. Эч качан, алдын ала шашпайт, мүнөзү токтоо. Өзүнүн оюн башка бирөөгө таңуулабайт. Шашпастан, өткөнүн анализдеп азыркыга баа берип, андан кийин гана өзүнүн бүтүмүн чыгарат. Ошол, мыкты касиеттери менен журналист катары, адам катары мага абдан жагат. Бекен байкенин өзгөчөлүгү ушунда.

Кыяс Молдокасымов, “Манас” орденинин ээси, тарыхчы, журналист:

«Жакын тууганы болобу, мурда сыйлап жүргөн адамы болобу, кетирген кемчилиги, коррупциялык ишке аралашканы болсо бетке чапкандай тарс эте жазып салат»

— Журналисттердин да түрлүүсү бар. Кээлери мезгилге, бийлик башындагы адамдарга жараша өз пикирин, түсүн хамелеондой өзгөртүп, өзүнүн жазамын дегенин пикирин эмес, коомго, бийлик башындагыларга ылайыктап жазгандар да бар. Ал эми, Бекен Назаралиев бул жашоодо бийликтин алешемдиктерди, коррупциялык иштер болобу, коомдогу терс көрүнүштөрдөн эмнени көрсө, ошону таамай, так тайманбастан жазган, алдыңкы саптагы мыкты журналисттердин бири.

Жакын тууганы болобу, мурда сыйлап жүргөн адамы болобу, кетирген кемчилиги, коррупцияга аралашканы болсо бетке чапкандай тарс эте жазып салат. Башкалардан Бекен досумдун өзгөчөлүгү ушунда турат. Мисалы саясатчы Өмүрбек Текебаев экөө жакын туугандардан болушат. Башкалар тайсалдап турганда, Текебаевге алгачкы сын айткандардын бири Бекен болгон. Бекен Назаралиев чыркыраган чындыкты айтууда өз тууганынан да жогору коёт. Ал эми, Текебаев түрмөгө отуруп калганда, аны сындап жазбады, эл менен кошо, азыркы Жогорку Соттун алдына аны колдоп, аянтка чыккан жагы бар. Дагы бир мисал, Курманбек Бакиев президент болуп турганда, менимче 2008-жылы болсо керек, ”Балаңыз Максимди токтотуңуз, эртедир-кечтир кызматтан кетесиз. Бирок, Аскар Акаевдей болуп өлкөдөн качып кетпей, неберелериңизди жетелеп Эркиндик гүлбагында жүрүшүңүздү каалайм!” — деп жазган эле. Ошондо да Бакиев менен жакшы мамилем бузулуп калбасын деп жеке кызыкчылыгын ойлогон эмес. Ал макала жарыкка чыкканда, чак түштө чагылган чартылдагандай эле болгон. Ошону менен Белорус жергесинде жашап жаткан экс-президент, Курманбек Бакиевден, кийин экс-президент Аскар Акаевден да кабар алып, маек алып келген алгачкы журналист экени талашсыз. Эң башкысы Бекен досум кекчил эмес, кечиримдүү жакшы сапаты бар. Бул анын жогорку адамгерчилик бийик сапаты эмеспи. Үйдө бир маска, жумушта бир, анан бийликтегилерге башка маска кийип сүйлөшкөн адам эмес. Башкалардан өзгөчөлөнүп, Бекен досум, адамгерчиликти баарынан жогору койгон ушундай тайманбас, таза инсан, көкжал журналист.

Бегалы Наргозуев, журналист, саясатчы, “Кыргыз тудей” сайтынын жетекчиси:

«Илгерки редакторлордун арасынан, акыркы могиканы катары, Б.Назаралиевди айтып, баса белгилеп кетким келет»

— Анда мен, Мелис Эшимканов менен “Асаба” гезитинде иштеп жүргөн кезим. Бир жолу Мелис досум менен чай ичип сүйлөшүп отурганда Бекен туурасында сурап калдым. Мелис Эшимканов, “Бекен кесиби боюнча сүрөтчү, азыр мыкты журналист болуп чыкты. Колунан көп нерселер келет, “Кыргыз руху” гезитинин бир жак күчүн өзү эле көтөрүп жатат…” — деп мактап калды. Мен ошондо, алгач ирет Бекен Назаралиев деген журналисттин ысымын сыртынан угуп, билген жагым бар эле. Ошондон бери, жазгандарын окуп жүрөм, мыкты журналист катары терең урматым бар. Эң башкысы, илгерки редакторлордун арасынан акыркы могиканы катары Бекен Назаралиевди айтып, баса белгилеп кетким келет. Эски журналисттердин көбү, көр тириликтин айынан чет өлкөлөр каржылаган акчасы көп ММКлар тарапка ооп кетишти. Бекен гана башка жакка ообой, өзү түптөгөн “Жаңы Ордо” гезитинде үзүрлүү иштеп келатат. Бекен журналистикага сүрөтчү болуп келип, белгилүү журналист, башкы редактор, акыркы учурда жазуучу болуп чыга келди. Таланттуу адам, бардык жагынан, таланттуу болорун билдим. Бекен туурасында жакшы пикирим ушундай.

Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы:

«Бекен Назаралиев кыргыз журналистикасынын эталону, үлгүсү деп деп билем, ал ошондой баага татыктуу»

— Бекен аке, алтымыш жашка  чыгыптырбы? Убакыттын учкан куштай өткөнүн кара… Бекен Назаралиевге адам катары эң жогорку деңгээлдеги бааны берем.  Ал өтө туруктуу, бир мүнөздүүлүгү, калп айтканды билбегендиги, түз жүргөндүгү менен башка журналисттерден айырмаланып турат. Эң башкысы эркекче жүрөт. Кесиби боюнча, профессионал журналист. Кайсы бийлик болбосун,  өз пикирин, өз чындыгын тайманбай  айта да, жаза да билген жагы бар. Бийлик  төбөлдөрү,  куугунтуктап, коркутуп да көрүштү, Бекен аке, өз көздөгөнүнөн, алган багытынан кайтпады. Бекен Назаралиев кыргыз журналистикасынын эталону, үлгүсү деп билем, ал ошондой баага татыктуу.  Бейчеки бирөөнү жамандабайт,  калп атып, ушактап, каралап жазбайт. Ушул кезге чейин чындыкты гана жазып келет.  Акыркы кезде чыгармачылык менен  жүрөт. Алымбек датка, Абдылдабектер боюнча кино тартсак деп жүрүшөт, ошол тилектерине жетсин.  Ден-соолук каалайм, 60 жаштан дагы бирди жашасын. Кыргыз интеллигенциясынын үлгүсү болуп жүрө берсин.

Сабырбек Жумабеков, медицина илимдеринин доктору, академик:

«Бекен менден бир аз улуу болсо да досум дейт, анын ал сөзүнө мен сыймыктанам»

— Бекен Назаралиев, Кыргызстандагы үлгүлүү, ага карап түзөлө турган,  баскан жолу башкаларга үлгү болчу адам. Ал өзүнүн позициясынан тайбаган, түз жүргөн, дайыма өз оюн айта алган журналист деп билем. Бекен досум башка журналисттердей болуп, бүгүн бир жээкте, эртең башка жээкке өтө качкан журналист эмес. Анын калыптанып калган, бекем позициясы бар. Азыркы жаш журналисттер, Бекен Назаралиевден уялбай эле үлгү алышы керек деп ойлойм. Бул качаңкы кезден бери келе жаткан, тажрыйбалуу күчтүү, үлгүлүү  журналист деп  эсептейм. Бекен Назаралиевди баары сыйлашат, эсептешет.  Анткени, ал башкалар айта албаган чындыкты элге жеткирип келатат. Ушул жашка келип, Бекен досумдай болуп өз жүзүн сактап калуунун өзү кыйын.  Адамдык касиети өтө жогору, туруктуу, жөнөкөй, бир сырдуу, бир калыпта жүргөн, ыплас иштерге аралашпаган, таза жүргөн инсан деп билем. Бекен менден  бир аз улуу болсо да досум деп дейт,  анын ал  сөзүнө мен сыймыктанам. Бекеме ден-соолук каалайм, үй-бүлөөсү неберелери менен бактылуу жашасын, баарыбызга үлгүлүү өмүр сүрсүн. Кыргыз элине, мамлекетибизге ак кызмат кыла берсин деген ак тилегим бар.

Шекербек КАЛЫКОВ, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун орун басары:

«Оңой жолдон оолак качкан чыгармачыл инсан»

— Бекен Назаралиев журналистика айдыңында жеңил тема тандабаган, оңой жолдон оолак качкан чыгармачыл инсан. Ал коомдогу жат көрүнүштөргө, адилетсиздикке, коррупциялык элементтерге каршы тикесинен тик туруп күрөшкөн мекенчил жаран. Колуна илешкен каарманын аргументтер менен “кайыштыра кармап”, калыстыкты туу туткан чыгаан журналист.

Бекен Назаралиев канчалаган “сары ооз балапандарды” маалыматтык жактан колдоп-сүрөп, саясаттын жоон тобуна кошту. Алды Президент болду. Бирок, баягы калбаат басыгынан жазбай, жасаган ишин бирөөгө колко кылбаган кең пейилдиги менен кадыр-баркы артып, кыргыз журналистикасынын тарыхына атын жазып  келет. Назаралиевдин феномени мына ушунусу менен өзгөчө.

Бекен Назаралиев менен “Жаңы Ордо” гезити бийликтен куугунтук жеген, адилетсиз кызматтан алынган саясатчы-аткаминерлердин таянар тоосу. Алардын арыз-арманын угуу үчүн эшиги ар дайым ачык. Чоң болуп, Ак үйдөн ары кайрылбай кеткендерине деле капа болушпайт. Алар тек гана өз милдетимди так аткарып жатам деп түшүнөт. Ошондуктан, Назаралиевдин командасы чыркыраган чындыктын флагманы десек болот.

Акмандын эшилген жолунан уланган сапар мына минтип, алтымыштын кырына чыгарып, айланага көз жүгүртүп турган чагы. Чыгармачылык жактан бокчосу толо, калкы үчүн жасаган кызматынын кесеси мелт-калт болгон сыймыктуу жолуна уялбай эле кылчая карай берсе болот. Демек, Бекен Назаралиев бул жашоого кур келген жок.

Алтымыш жаш атканы айкүр турган, алкылга карк курак дешет. Экинчи деми ачылып, чыгармачылыктын оозун жая турган учур келди, сыягы. Ошондуктан, Бекен акени 60 жылдын мааракеси менен куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөсү, балдары, неберелери менен бакыбат өмүр сүрүшүн каалаймын. Туулган күнүңүз менен!

Айданбек Акматов, журналист:

«Жолборс мүнөз, беттегенинен кайтпайт, адилеттүүлүктөн тайбайт»

— Бекен Назаралиев деген сыймыктуу агам бар. Жолборс мүнөз. Беттегенинен кайтпайт, адилеттүүлүктөн тайбайт. Мына ушул мүнөзү жана принциптери менен келаткан агам 60ка чыгып калыптыр. Бекен агам, журналист эле эмес. Ал чыгармачылыктын бир нече тармагында жемиштүү эмгектенип келаткан инсан. Чыгармачылык чыйырын сүрөтчүлүктөн баштаган. Андан ары журналистика, жазуучулук, драматургия, киносценарий жазуу багыттарында чыгармачылыгын ийгиликтүү улантып келатат. Бекен Назаралиев менен “Кыргыз руху” гезитинде бирге иштеп, Аскар Акаев доорунда чуу салган “Криминал” гезитин Сакы Садыков үчөөбүз бирге ачкан элек. ”Криминал” гезитинин алгачкы сандарындагы коррупцияга байланыштуу сенсациялуу макала, маалыматтар Акаев жана анын айлана-чөйрөсүн дүрбөлөңгө салып, алар соттун колу менен гезитти дароо жабууга барышкан эле. Беттегенинен кайтпаган Бекен Назаралиев “Ордо” деген гезитти ачты. Бийлик “Ордо”, “Кыргыз ордо” гезиттерин да жабышты. Соңунда “Жаңы ордо” гезитин негиздеп, ал көп жылдардан бери ийгиликтүү чыгып келатат. Бекен ага, кутман курагыңыз кут болсун! Ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык эргүүлөр көп болушун каалаймын. Арыбаңыз, бар болуңуз Бекен аке!

Карбалас Бакиров, Кыргыз Эл акыны:

«Бекен иним, эки китеби аркылуу бүгүнкү күндөгү кыргыз адабиятынын жаңы мейкиндигин ачты деп тартынбай айтсак болот»

— Мен, Бекен Назаралиевди “Кыргыз Руху” гезитинде иштеп жүргөн кезинен бери билем. Быйыл, 2019-жылы Бекен инимдин “Кун” жана “Баткен туткуну” аттуу эки китеби жарык көрүп, окурмандар талашып окуп жаткан учуру. Бул китептин жарыкка чыгышына президент Сооронбай Жээнбеков жардам бергенин айта кетким келип жатат. Мен өзүм дагы ал китептеги окуяларды кызыгуу менен кубалап окуп чыкканымды айта кетүүм абзел. Бекен иним, эки китеби аркылуу бүгүнкү күндөгү кыргыз адабиятынын жаңы мейкиндигин, бийиктигин ачты деп тартынбай айтсак болот. Ушундай эл талашып окуган чыгармаларды жазып коюп, бой көтөрбөй, мактанбай, төш какпай жүргөндүн өзү улуу касиет эмеспи. Ушул сапаты менен ал баарынан жогору турат. Адабияттын жаңы мейкиндиги кут болсун! Бекенге ден-соолук менен чыгармачылык ийгилик каалап кетем.

Айнур Алгожоева, журналист:

«Бекен Назаралиев саяпкер журналист»

— Бекен Назаралиев жетекчи журналист катары гезиттин “уясынан” көптөгөн чыгармачыл инсандарды учуруп, тарбия берди. Азыркы күндө бир нече гезиттерде анын окуучулары кызмат өтөп, коомго маалымат таратып келишүүдө. Мен дагы “Жаңы Ордо” гезитинде бир топ жыл иштеп, Бекен акенин адамгерчилигин көрүп,  анын алысты көрө билген ток пейилдигине таасирлендим десем болот.  Ал боорукер, кимге болбосун колдон келген жардамын аябайт. Гезиттин ишинде ар бир чыгармачыл адамга эркиндик берип, өзүнүн пикирин таңуулабаганы менен айырмаланып турат. Анын саяпкерлик артыкчылыгы ошондо. Бекен акенин 60 жылдык мааракесинин алдында чыгармачылык албан ийгиликтерди каалап, бекем ден соолук каалап кетмекчимин. Ар дайым калк кадырына ээ болуп, сыймыктуу өмүр сүрүшүңүздү тилеймин.

Болот Дыйканбаев, Өзгөн мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары:

«чындыкты, акыйкатты жогору койгон инсан»

— Бүгүнкү күндө, Бекен Назаралиевдей алысты көрө билген, жеке кызыкчылыгынан да мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору койгон мекенчил журналисттер чанда кездешет. Башка журналисттер чалкасынан кетишпесин, Бекен агайдай кыргыз журналистикасына опол тоодой эмгек кылыша элек. Кара кылды как жарган, баарынан чындыкты, акыйкатты жогору койгон камчыга сап болчу, белгилүү инсан. Айтоор сөздүн чындыгы ушундай. Адам катары, өтө кичи пейил, башкалардай чиренип пейил күтпөйт. Жөнөкөйлүгү, бул пайгамбардын сапаттары деп билем. Ким келсе да ордунан туруп, сылык саламдашат. Жан дүйнөсү ачык, жаштарды алдыга сүрөп келет. Ошол мүнөзү мага жагат. Бул жашоодогу бардык жакшы тилектерди, ийгиликтерди каалап кетем.

Экс-президенттерден келген куттуктоолор

Аскар Акаев, Кыргыз республикасынын Биринчи президенти:

«Бекен Назаралиевдин калыстыкты туу тутунган, бийик интеллекттүү журналист экендигин, ички маданияты жана адамгерчилик сапаты абдан жогору экендигин даана көрдүм»

Бекен Назаралиевке

Кыргыздын азамат уулдарынын бири Бекен Назарлиевдин 60 жашка толгонун угуп, өзүмдүн пикир, каалоомду айтууну туура көрдүм. Мындан беш жыл мурда Назаралиевден мага маек куруу сунушу түшкөндө менде таң калуу сезими болгон эле. Анткени ал мурда менин адресиме сын айтып жүргөнүн билээр элем. Ошентсе да мен жолугушууга макулдук бердим жана ага кубанычтамын. Экөөбүз бир күн, эртеден-кечке, кеңири маек курдук. Ал күнү мен Бекен Назаралиевдин калыстыкты туу тутунган, бийик интеллекттүү журналист экендигин, ички маданияты жана адамгерчилик сапаттары абдан жогору экендигин даана көрдүм. Бекен Назаралиевди мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, ага ден-соолук, бакты-таалай жана албан ийгиликтерди каалаймын.

Курманбек Бакиев, Кыргыз республикасынын экинчи президенти:

«Мени да сындап ачуу сөздөрдү айтчусуң, менден кийин Атамбаевди да сындап чындыкты жазып, жаман көрүнүп, куугунтукталып жүрдүң»

— Урматтуу Бекен иним! Бүгүн 60 жашка чыгып жатасың! Мен сени тааныганыма 30 жыл болду. Убагында бийлик сен жетектеген гезиттерди жаап, анын ичинде “Криминал”, “Ордо”, “Кыргыз ордо” бар, азыр болсо “Жаңы ордо” гезитинин редакциясын жетектеп чындыктын жабылган барактарын ачып чыктың. Союз урап, эгемендүүлүккө эми эле ээ болгонубузда, кыргыздын биринчи журналисттеринен согуш жүрүп жаткан Чеченстанга барып, өз көзүң менен ал жакта абалды көрүп, тиешелүү адамдардан интервью алып, кыргыз элине жеткирдиң. Баткен согушунда да коркпой барып ошол жерден репортаж берип тургансың. Баткен согушуна журналист катарында катышып, эми мына “Баткен туткуну” деген жаңы романың чыкты. Мен сени журналист, жазуучу, сүрөтчү катары билем. Акаевди сындап жүрүп бир канча жолу гезиттериңди жаптырып алгансың. Мени да сындап ачуу сөздөрдү айтчусуң, менден кийин Атамбаевди да сындап чындыкты жазып, жаман көрүнүп, куугунтукталып жүрдүң. Убакыт өткөндөн кийин Акаевден, менден кайра интервью алдың. Бирок, чыныгы журналист ушундай болуш керек деп эсептейм. Бекен иним, сенин кыргыз журналистикасына кошкон салымың өтө зор! Мен ишенем, сенден биздин жаш журналисттер таалим-тарбия алып, жарандык позицияң жана көз карашың кийинки муундагы журналисттерге үлгү катары уланышы керек.

Бекен иним, 60 жашың куттуу болсун, сага узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, чың ден соолук каалаймын! Мен ишенем, сенин дагы кыргыз адабиятында жаза турган мыкты чыгармаларың али алдыда. Терең урматтоом менен Курманбек Бакиев.

Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы:

«Такталбаган маалыматты Бекен мырзаны жазып кел деп айтыш кыйын, анткени ал эч качан жазбайт. Эгерде такталып калган маалымат, макала болсо, ал жакын тууганы, айылдашы экенине да карабайт»

— Кыргыз элинде, бир сырдуу, көп кырдуу деген сөздүн мааниси журналист Бекен Назаралиевге бап келип жарашат. Бир сырдуу дегеним, Бекен мырзанын ичинде эмне болуп атканын, буркулдап кайнап жатканын билүү өтө кыйын, башында эмнени ойлоп жатканын такыр билүүгө мүмкүн эмес. Журналист катары, бирөөнү аша чаап, өтө мактаганын, башка бир адамды маскаралап, колундагы калеминин күчү менен тебелеп жамандаганын көрө элекмин. Бекен мырзаны, нукура журналистиканын классикалык маанисиндеги кесиптин ээси катары билсек болот. Такталбаган маалыматты Бекен мырзаны жазып кел деп айтыш кыйын, анткени ал эч качан жазбайт. Эгерде такталып, калган маалымат, макала болсо, ал жакын тууганы, айылдашы экенине да карабайт. Тууганчылык, жердештик түшүнүк жок, чындык тарапты көздөй кете берет. Ал эми, өкүнүчтүүсү азыркы журналистиканын мектебинде тилекке каршы, мындай жогорку сапаттар жок. Бекен Назаралиев алгачкы алган кесиби боюнча сүрөтчү. Ал борборубуздагы С. А. Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. Сүймөнкул Чокморов да сүрөтчү болуп туруп, мыкты актёр катары таанылгандай, Бекен мырза да сүрөтчүлүк менен журналистиканы айкалыштыра алды. Ал кыргыз журналистикасынын тарыхында биринчи болуп, коллаж деген жаңы жанрды киргизди. Мындайча айтканда пионери болду. Кыргыз бийлиги, көптөгөн журналисттердин макалаларына караганда Бекен Назаралиевдин “Кыргыз руху” газетасынын беттерине жарыяланган коллаждарынан сестенип, коркуп турушчу. Султан Раев жетектеген “Кыргыз руху” гезитине чыккан коллаждар, биздин ошол кездеги мамлекетибиздин жүзү, накта коомдун күзгүсү эле. “Кыргыз руху” гезити, кыска убакыттын ичинде саясый, маданий абалды чагылдыруудагы эң бир керемет, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган гезит катарында таанылып чыкты. Ар бир жарыкка чыккан коллаждар аркылуу гана “Кыргыз руху” гезити окурман журтунун жүрөгүнүн тереңинен ушунчалык так, таамай тийип, орун алып кетти. Журналист жазган, эки бет макаладан көрө Бекен Назаралиевдин алакандай болгон коллажынын салмагы басып турчу. Ошол жылдары Бекен мырзага авторлош Эрнист Мусаев экөө жасаган коллаждардан Ак үйдүн жетинчи кабаты сестенип турчу. Ал коллаждар ушунчалык чыгармачыл, кесипкөйлүк, сүрөтчү менен журналисттин таза жүрөгү аркылуу айкалыштырып чындыкты айтып жасалганы байкалып турчу. Ошол мезгилде жасалган коллаждарды бириктирип өзүнчө көргөзмө жасоону да айткан элем.

Акыркы кездерде, Бекен Назаралиевдин прозалык чыгармалары өзүнчө китеп болуп, жарыкка чыгып, чоң жазуучу катарында эл арасына тааныла баштады. “Баткен туткуну” повести окурмандардын бүйүрүн кызыткан чыгарма катары тарыхта калат. Албетте, бул чыгарманы тарыхый окуя катарында кабыл алсак болот. Буга чейин “Бешик” деген аңгемесинин негизинде кино тартылып, бул тармакка да аралашып жүрөт. Бекен Назаралиевдин “Бешик” деген киносу туурасында көрүүчүлөр арасында, күчтүү пикирлер айтылып келди. Ошондой эле анын калемине таандык жазган макалалары, кыргыз элинин ой жүгүртүү кабылетин же болбосом дүйнө таануу сезимин байыта турган, ошол ойлорду жүргүзүүгө милдеттендирген макалалар катарында кала берет. Акыркы учурда, тарыхка үңүлүп, бир кылымдык тарыхты ичине батырган чоң чыгармалардын үстүнөн иштеп жаткан кези. Мындайча айтканда, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын деңгээлиндеги чыгарма болот десем көпчүлүк адамдар таң калышып, аша чаап, катуу кетиптир деши мүмкүн. Алымбек датка айланасында терең иликтеген изилдөөсү боюнча кино тартканга режиссёр Бакыт Карагулов менен биргеликте чоң даярдык көрүп жатышкан кези. Чоң чыгарма жаратуу далалаты менен жүрүшкөн учуру. Мезгили келип, кино тартылганда билишет. Республикабыздын маданияты, жакырланып кеткени баарыбызга маалым. Тыйындын жоктугу маданиятка кедергисин тийгизип жатат. Биздин бай көпөстөрүбүз, ушундай баалуулуктарыбыздын баркын билбей келгендери өкүндүрөт. Алар тойкана, чайкана, базар, унаа жуучу жайлар ж. б. гана салып келишет. Бүгүн калем кармаган адамдын баркы жок. Ага караганда тараза кармаган адамдын баркы көтөрүлгөн заман. Баары базарга айланып кетти. Мына ушундай оор заманда калемин колдон түшүрбөй, бардык кыйынчылыктарга туруштук берип жашап, чыгармачылык менен жашоонун өзү эрдик.

Мына ушундай оор, түйшүктүү кесипти аркалап, чыгармачылыктын ээси болгон Бекен Назаралиев алтымыш жашка келип, мөмөлүү дарактай болуп аябай бышып, толуп, төгүлүп, шактарын көтөрө албай ийилип турган мезгили. Бекен Назаралиев азыр акылга толуп, күчкө келип турган учуру. Жакынкы жылдары, дагы көптөгөн-көптөгөн керемет, бүтүндөй журтчулукту таң калтырган түшүмүн өз көзүбүз менен көрөбүз деген кыялдамын. Мааракеңиз куттуу болсун!

Беке, дайыма жеңемди тергеп “кайын атамдын кызы” деп коёт. Жеңем экөөңүздөрдүн бекем кармашкан колдоруңуздар үзүлбөй, келечектеги белестерди ашып балпайган абышка, кемпир болуңуздар. Уул-кыздарыңыздын, неберелердин жакшылыгын чогуу көрүңүздөр деген жакшы тилегим бар. Аман болуңуз…

Маектерди алган Наралы Асанбаев.

“Жаңы Ордо” гезити. №28 (642), 11-октябрь, 2019-жыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз