Кыргызстанда 15-октябрда таза колдор күнү белгиленет. Бул туурасында «kyrgyz.news» сайтына Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Асель Султанова билдирди.
Айтымында 15-октябрда республиканын аймагында, коомдук жайларда, мектептерде, үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунда, бала бакчаларда таза колдор күнү белгиленет.
«Ден соолукка кам көрүү колду таза алып жүрүүдөн башталат. Ал үчүн ар дайым, айрыкча тамак ичээр алдында, дааратканадан чыкканда, үйгө келгенде колду самын менен жууш керек. Колдо ар кандай микробдор болот. Куру суу менен жууганда микроб өлбөй адамдын организмине түрдүү ооруларды алып кирет. Ал эми колду самын менен таза жуу аркылуу микробдорду 100 пайыз жок кылууга мүмкүн. Тилекке каршы бизде гигеналык эрежелер сакталбайт. Мисалы 50 балага бир раковина, бир самын жана кол аарчыгыч болушу шарт. Бирок бизде андай эмес. 100 балага бир кол жуучу жай болушу мүмкүн. Бул санитардык нормага жооп бербейт. Гигиенаны туура сактоо жалгыз Саламаттык сактоо министрлигинин иши эмес. Коомдук мамиле, өкмөттүк деңгээлде чечилиши абзел»,-дейт Султаналиева.
Эскерте кетсек, 15-октябрь таза колдор күнү деп Бириккен Улуттар Уюму жана Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму тарабынан 2008-жылы кабыл алынган.