Бүгүн белгилүү журналист Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир болуп өттү. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү бет келишкен. Журналисттер арасындагы футболдо биринчиликти ЭЛТР телерадиокомпаниясы илип кеткен. Алар мамлекеттик «Кабар» агенттигин 4:2 эсебинде уткан. Бул туурасында «kyrgyz.news» басылмасына «Жалбырак ТВ» интернет каналынын башкы редактору Зарылбек Шермаматов билдирди.
Айтымында «Жалбырак ТВ» үчүнчү орунга ээ болгон. Турнир футбол федерациясынын футбол аянтчасында өткөн. Ага ЖК, НТС, КТРК, 5-канал, Пирамида, Кыргыз радиосу, BBC, Азаттык, ЭЛТР, Кабар жана Жалбырак ТВ ММКнын өкүлдөрү катышышкан. Оюнга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков колдоо көрсөткөн.
Эскерте кетсек Султан Жумагулов коомчулукка журналист, коомдук ишмер жана маданият, маалымат жана туризм министри катары белгилүү. Ал 2018-жылы 8-октябрда 60 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин каза болгон.