Депутаттар комитет жыйынына экономика министри жана финансы министри келбегенине нааразы болушту.
Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынына экономика жана каржы министрлери келбей коюшту. Бул депутаттардын нааразычылыгын жаратты.
Белгилей кетсек бүгүн, 14-октябрда аталган комитет «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатат.
Жыйынга министрлердин келбегенин депутат Мирлан Бакиров тоготпостук катары баалады.
“Биринчи вице-премьер-министр жыйынга катышып жатат. А министрлер жок. Алар кайда жүрөт?” – деп издөө салды.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында экономика министри жана каржы министри президент менен жолугуша турган болгондуктан депутаттарга келе алышпады. Алардын ордуна орун басарлары маалымат беришет.