Воскресенье, 19 мая

Пара алган орун басарды эмне үчүн кечиришти?

0

Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши Бишкек шаардык сотунда каралып, сот анын жаза мөөнөтүн эки жылга кыскартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Анда айтылгандай чечим 9-октябрда кабыл алынган.

Эске салсак Азимкан Жусубалиев транспорт министринин орун басары болуп иштеп жүргөндө 2018-жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Кийинчерээк УКМК тараткан маалыматтан улам ал кайсы бир тендерди чет өлкөлүк компаниялардын пайдасына чечүү үчүн 520 миң доллар пара сураганы жана анын 120 миң долларын ортомчулар аркылуу алганы маалым болгон. Ушул жылдын 30-июлунда Биринчи май райондук соту Жусубалиевди 14 жылга эркинен ажыраткан.

Орун басары кармалгандан кийин транспорт министри Жамшитбек Калилов да кызматтан өз арызы менен кеткен.

“Менин кызматта калышым моралдык жактан мүмкүн эмес болчу. Анткени коомчулукта кантип эле орун басары пара алганын жетекчи билбей калышы мүмкүн деген кеп тарады. Мындан улам тергөөгө тоскоолдук жаратты деген күмөн ойлор жаралбашы үчүн кызматтан өз каалоом менен кеттим. Тергөө узакка созулду, анын негизинде чындык өз ордуна коюлду. Менин бул ишке катыштыгым жок болгону үчүн азыр жаңы кызматка бекидим”, — деп билдирди Жамшитбек Калилов “kergez.news” сайтына. Ал орун басарынын чын эле эмне менен алектенгенин байкоого албай калганын белгиледи:

“Азыркы заманда орун басар эмес чындаса балаңдын эмне кылып жүргөнүн билбей калдык. Эртең менен мектепке кеттим деген баланын мектепке барганын, сабакка катышканын биле албай калып жатпайбызбы. Андыктан менин орун басарымдын пара алып жатканын билбей калышым толук мыйзам ченемдүү нерсе болду”, — деди ал.

Чындыгында ошол убакта бул параны жетекчи менен орун басардын биргелешкен планынын жыйынтыгы катары карагандар басымдуулук кылган. Ал эми саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин “kergez.news” сайтына жолдогон пикирине караганда жетекчи орун басарынын эмне менен алектенгенин билбей калуусу толук мүмкүн.

“Азыр илгеркидей эмес, орун басар жетекчинин оозун караган учур өттү. Бүгүнкү күндө мамлекетти партиялар башкарып жатат. Ага ылайык жетекчи бул партиядан болсо, орун басары башка партиядан. Жыйынтыгында бир мекеменин жетекчи менен орун басары бирин бири түгөлдөп, толуктаган бир бүтүндүк эмес, ар бири өз позициясын карманып, ар башка тарапка баш ийген жетекчилик болуп калды”, — деди саясат талдоочу.

Эске салсак Жамшитбек Калилов жакында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын алдындагы долбоорлоо жана курулуш боюнча дирекциясынын башчылыгына дайындалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз