Воскресенье, 19 мая

“Баткендиктер, силер экспорт кылбай эле отуруп тургула…”

0

Баткен облусуна лаборатория курууга 2020- жылдын бюджетинен акча каралган эмес. Бул тууралуу каржы министринин орун басары депутат Нурбек Алимбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов лабораторияга акча каралбаганын бирок кошумча түшө турган каражаттардан бөлүү мүмкүнчүлүгү болоорун билдирди.

Депутаттын айтымында ЕАЭБдин алкагында бир гана Баткенде лаборатория курула элек. Бул үчүн бюджеттен 30 миллион акча каралышы керек. Бирок 2020-жылдын бюджетине ал акча кирген эмес.
«30 миллиондун бюджетке кирбегени баткендиктер, силер экспорт кылбай эле отуруп тургула дегенди билдирет. Бул ЕАЭБдин алкагында курулушу керек болчу. Бардык региондорго салынды, эмнеге

Баткенде курулбашы керек. Өндүргөн түшүмдү кантип экспортко чыгарышат ? Эегерде лаборатория жок болсо?»- деди Алимбеков.

Вице-премьер министр Кубатбек Боронов бул боюнча учурда өкмөттө иш жүрүп жатканын, 29 миллион сом каралганын жана Баткенде быйыл лаборатория салынаарын билдирди. Ошондой эле 2020-жылы ЕАЭБдин алкагында бардык аймактарда лаборатория курулаарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн ЖКнын тармактык комитетинде 2020-жылдын бюджети каралууда. Анда Кубатбек Боронов баш болгон өкмөттүн өкүлдөрү депутаттардын суроосуна жооп берип жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз