Воскресенье, 19 мая

Жоктон көрө фитнес- клуб жогору

0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дем алыш күндөрү Бишкектеги фитнес-клубдун ачылышына катышып, кызыл лентасын кести. Аны менен кошо бир катар эл өкүлдөрү да кызыл лентанын жанында жабалактап турушту. Ушул көрүнүштү чагылдырган сүрөт заматта соцтармакка жарады.

Коомчулук кызыл лентаны кармаган өкмөт башчы менен эл өкүлдөрүнүн сүрөтүн кубануу менен кабыл алды дейсизби? Тескерисинче элдин нааразычылыгын жаратты. Сүрөт алдына жазылган комментарийлердин басымдуу бөлүгү “жеке фитнес-клубдун ачылышына мамлекеттик кызматкерлер барып лента кескенин” одоно көрүнүш катары кабыл алгандарга тийиштүү болду.

“Мамлекеттик ишканалар курулбаса ушул да, башчылар жеке ишканаларды ачып жатышат”, “Башка маанилүү нерсе жок болсо фитнес-клубга барышат да!” ж.б. комментарийлер жазылды.

Айрымдар жаңы ачылган фитнес-клубга эл өкүлдөрү, аткаминерлердин 80 пайызы туруктуу кардар болушу керектигин белгилешти. “Токчулуктун символундай” болгон курсактуулар спорт менен машыгып, дене-боюн жарашыктуу абалга келтирип алса, алардын трибунадан эл да уялбай тиктээр эле деген тамаша кебин айткандар да болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз