Воскресенье, 19 мая

Эртең Кыргызстан Монголия менен беттешет

0

Эртең, 15-октябрда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Монголиянын спортчулары менен оюн өткөрөт. Футбол Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө орун алмакчы.

Футбол федерациясынан билдиргендей курама команда учурда Улан-Батордо эртеңки оюнга даярдык көрүп жатат.

Беттеш 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында жүргүзүлүүдө. Кыргызстан командасы «F» тайпасында, Тажикстан, Мьянма, Монголия анан Япония менен бет келет.

Эскерте кетсек, улуттук команда Тажикстандан 1:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебинде уткан. Эми Монголия, Япония футболчулары менен таймашышат.

Футбол күйөрмандарынын оюнду «@mycujoo» интернет сайты аркылуу түз эфирде көрүү мүмкүнчүлүгү болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз