Воскресенье, 19 мая

Министр контейнер мектептен кабар алды

0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Нарын облусундагы Кеңеш айылындагы контейнер мектепте окуп жаткан балдардан кабар алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр мырза учурда Нарын облусуна иш сапары менен барган. Ал жактан Кеңеш айылындагы авариялык абалдагы Казаалы Абиров атындагы мектепке барып окуучуларга 4 даана ноутбук, китептерди белек кылган. Ошондой эле, жаңы салына турган имараттын долбоору менен таанышып, курулуш иштерин эртелетүүнү тапшырган.

Эскерте кетсек, окуу жылынын башында Кеңеш айылында балдар контейнерде окуй турганы белгилүү болгон. Буга аталган айылдагы мектептин урап калуу коркунучука кептелгени себеп болгон. Баарынан дагы контейнерге ачылыш жасаган кызматкерлер коомчулук тарабынан сынга алынган. Ушул окуядан кийин ошол кездеги министр Гүлмира Кудайбердиева кызматтан кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз