Воскресенье, 19 мая

Алмазбек Атамбаев сотторду тоготпойбу?

0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча алдын ала угууларды кийинкиге жылдырды. Бул туурасында журналисттерге соттун расмий өкүлү билдирди.

Биринчи май райондук сотунун өкүлү Асель Равшанбекованын айтымында процесс эртең, 15-октябрда уланат. Соттун жылдырылышы мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин сот залына келбей коюсу себеп болгон.

“Сот Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматына Атамбаевдин соттук процесстерге катышуусун камсыз кылып берүүсүн тапшырды”, — деди Равшанбекова.

Айта кетсек, Атамбаевдин адвокаттары процессти мурдагы мамлекет башчысынын катышуусуз эле өткөрө берүүнү өтүнүшкөн. Анткен менен сот муну канааттандырган жок. Ал буга чейин дагы процесске келүүдөн баш тарткан болчу. Алмазбек Атамбаев аталган кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары каралууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз