Воскресенье, 19 мая

5 миллион доллар үчүн үй камагы

0

“Манас” абамайданынын Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылганы маалым болду. Эске салсак Бегалиев 2014-жылы аталган абамайданга 5 миллион доллардык чыгымдын келтирилишине шектелип 30-сентябрда кармалган.

Бирок Биринчи май райондук соту 2-октябрда шектүүнү үй камагына чыгарууну чечкен. Мындан улам ал 30-ноябрга чейин үй камагында кармалат.

Ушул жылдын 1-октябрында Финполиция “Манас” абамайданындагы 2014-жылы жасалган мыйзамсыз иштер аныкталганын билдирген. Анда айтылгандай беш жыл мурун абамайдандын ал кездеги жетекчилиги 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен. Компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларын 100 пайыз сатып алуу боюнча келишимге кол койгонунан жогорудагы сумма пайда болгон.
Белгилей кетсек Мирлан Бегалиев 2014-жылы абамайдандын юридикалык бөлүмүн жетектеп турган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз