Пятница, 10 мая

Жолу оңолгондун иши оңолот

0

Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери катары менен “Айылдарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялангандыгы баарыбызга белгилүү. Мамлекет башчыбыз жыл сайын ар бир кичи шаарлар менен райондук борборлордо кеминде 3 км.  жол курулушу керектигин тапшырган. Бирок кыргыз өкмөтү мамлекет башыбыздын бул демилгесин кандай иш жүзүнө ашырууда же баары баягыдай эле кагаз жүзүндө кала берүүдөбү?

Мен бул суроонун жообун жакында өзүм туулуп-өскөн, кичи мекеним болгон республикабыздын эң алыскы Лейлек районуна барып-келгенде алдым. “Спринтер” кичи автобусу менен Бишкектен бир аз узап, Кара-Балтанын жолуна түшкөндө эле жол куруу иштери кызуу жүрүп жаткандыгына күбө болдук. Ооба, Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу боюнча маалымат каражаттарында көп айтылып, жазылып, ал тургай Жогорку Кеңештин депутаттары да талкуулап, тиешелүү жетекчилерге дооматын айткандыгын угуп жүрчүмүн. Ал эми “миң уккандан бир көргөн” демекчи, бул ирет чаңга бөлөнүп, унаабыз секирип, ыңгайсыз абалда жүрүп баратса да ыраазы болбой койбойт экенсиң. Көпчүлүк участоктордо көпүрө курулуп, ал жерде ондогон техника, жүздөн кем эмес жумушчулар иштеп атышат. Бул да болсо канча адамга жумуш орду менен алардын үй-бүлөсүнүн жашоо-шарты эмеспи. Бишкек-Кара-Балта жолунун туурасы да кеңейтилип, мурдагы жол боюндагы үйлөр, соода күркөлөрү, ал тургай электр мамылары бузулганы буздурулуп, жылдырыла турганы жылдырылып жатыптыр. Буюрса, жакын арада эл аралык маанидеги бул жол пайдаланууга берилсе, транспорт каттамы бир топ жакшырып, авариялык кырдаал азайчудай.

Андан ары да Жалал-Абад, Ош, Кызыл-Кыяга чейин жалаң гана жолдор оңдолуп жаткандыгын көрүүгө болот. 

Бир гана шаардан чыга бериштеги МАИ постунда баягы эле ала таякчандар Ош, Баткен, Жалал-Абад облусттарынын номери тагылган унааларды катары менен токтотуп, ар кандай шылтоону таап, “көз акысын” алып жатты. Биздин айдоочу да жарым сааттай “сурак” берип, “500 сомго” араң көндү…”,- деп автобусту андан ары айдап жөнөдү. Көрсө, ал болгону жүргүнчүлөрдүн орундугунун астындагы бош жерлерге бир аз жүк артып алган экен. Эми бул биздин жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлордун элге, айдоочуларга көрсөткөн “кызматы” кандай экендигинин бир далили болсун. Сыягы, бул тармакта дале эле болсо “шабашка” жасоо токтой элек окшойт. 

Өткөн жумада республикабыздын түштүк аймагына иш сапары менен барып келгенден кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республика боюнча унаа жолдорун куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүп: “Жергиликтүү маанидеги унаа жолдорун куруу жана реабилитациялоо алыскы аймактардын дагы экономикалык активдүүлүгүн жандандырат жана кыйла жогорулатат”,- деп айтты.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга транспорттук инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, жолдорду куруу жана реабилитациялоонун жүрүшү, биринчи кезекте аймактар үчүн стратегиялык мааниге жана эл аралык транспорттук коридорго айлануу келечегине ээ каттамдар боюнча маалымат берилди.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында эл аралык маанидеги жаңы жолдорду куруу жана учурда колдонулуп жаткандарын реконструкциялоо жүрүп жатат.

Алсак, 150 чакырым узундуктагы Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик жолунун биринчи фазасы боюнча иш 75%, экинчи фазасы 99 км аралык – 79%га аяктаган. Долбоордун экинчи фазасы 140 чакырым 2022-жылы аяктайт.

Жергиликтүү маанидеги ички райондук жолдордун 134 чакырымында курулуш жана калыбына келтирүү иштери аяктаган. Буга республикалык бюджеттен 600 млн сом бөлүнгөн. Белгиленгендей, быйыл бюджеттик каражаттарга 315 км. жол салынып жана оңдолгон. Өткөн жылга караганда бул 114 чакырымга көп.

Кеңешмеде ошондой эле Ош – Баткен – Исфана жолунун Көк-Талаа – Караван участогунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон – Кызыл-Бел участогунда реабилитациялоонун, Тараз – Талас – Суусамыр жолунун реабилитациялоо IV фазасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары кеңешменин катышуучулары Ысык-Көл транспорттук шакекчесин, Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолун, Бишкектин түндүк четиндеги айланма трассаны куруу жана реабилитациялоо долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу боюнча эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү талкууланды.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары унаа жолдорун салууда жана оңдоодо олуттуу жылыштар байкалып жатканын белгилеген Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өнүккөн жана заманбап жол-транспорттук инфратүзүмсүз экономиканын керектүү темпин өстүрүү мүмкүн эместигин баса көрсөттү.

«Жолдор – бул экономикалык өнүгүүнүн негизги түзүүчүсү. Ири инфраструктуралык долбоорлорду сапаттуу жана өз учурунда жүзөгө ашырууну камсыз кылуу менен, республиканын чыныгы транзиттик өлкөгө айлануусуна жана  эл аралык транзиттик алакага активдүү катышуусуна жетишүүбүз керек. Ошондой эле жаңы унаа жолдору ал тургай биздин өлкөнүн алыскы аймактарынын экономикалык активдүүлүгүн кайра жандандырып жана аны жогрулатууга шарт түзөт. Ошондуктан, биз жергиликтүү маанидеги шаарлардын жана айылдардын жолдорун дагы унутпашыбыз керек. Биз зарыл болгон каражаттарды табуу жана бардык күч-аракетибизди жумшоо менен бул багытка өзгөчө маани беребиз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары республиканын унаа жолдорун курууга жана реаблитациялоого катышууда ата мекендик компаниялардын топтогон тажрыйбасын эске алуу менен, Премьер-министр аларды эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен ишке ашып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууга тартуу маселесин көтөрдү.

Бул улуттук экономиканын кызыкчылыгына кызмат кылаарын Мухаммедкалый Абылгазиев белгиледи. Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлигине ата мекендик компанияларга зарыл болгон жардамдарды берүү, ошол эле учурда долбоорлорду сапаттуу ишке ашырууну башкы максат кылып коюу керектигин айтты.

Ал эми көздөгөн жерибиз – Лейлек районуна жетип, Тогуз-Булак айылынын кире беришиндеги жол боюнда алгач көзүмө Бишкектин ЖЭБиндей асманга булоолонгон кара түтүн көрүндү. Бул эмне экендигин сурасам, билгендер Жолду эксплуатациялоо мекемесинин (ДЭУ) асфальт заводу экендигин айтышты. Көрсө, СССРдин тушундагы аты бар, өзү иштебей калган бул мекеме кайра жандандырылып, райондун аймагындагы ички жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатыптыр. Эртеси күнү айылдаштар менен жолугуп, сүйлөшүп калганда, айрымдары ушул жол куруу жумуштарында иштеп жатышкандыгын айтышты. Демек, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 600 млн. сом каражат бир эле ички жолдордун оңдолушуна жумшалбастан, айыл жериндеги жумушсуздук, жакырчылык сыяктуу көйгөйлөрдүн да чечилишине салым кошууда…

Адилет Жапаров,

Бишкек-Исфана-Бишкек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз