Москвада үй ээлерин жана каржы мекемелерин алдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда жаран ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
Анда айтылгандай алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон адам Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн. Кыргызстанда жасаган кылмышы үчүн ал жаран издөөгө алынган болчу. Өкүлчүлүк менен Ош ОИИБдин ыкчам иликтөөлөрүнүн натыйжасында шектүү колго түштү.
Шектүү Ош облусунун 1978-жылы туулган К.К. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 350-беренесинин 2-бөлүмүндө (Жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн Ош облусунун Алай РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырган.
Материалдык жактан жеңил баюу максатында жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок өзү үй ээсинин колун жасап койгон. Андан соң, кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган. 2012-жылы кылмышкер кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Андан соң, акча каражатын алгандан кийин ан өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.
Азыркы учурда издөө алган тарап маалымдалып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча маселелер чечилди.