“Сен эмне крутойсуңбу?!” – ушундай сөздөр коштогон Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын инспектору менен автоунаанын айдоочусунун ортосундагы чыр коомчулукка жарыяланды.
Сөз менен башталган талаш акырында бирин бирин кемсинтүүгө чейин жеткен. Айдоочу: “Мен ушул машина менен бардык чек араларды кесип өттүм. Сен эмне крутойсуңбу?!” – деди эле, ага инспектор: “Мен Кыргызстанда крутоймун”, — деп жооп берди.
“Крутой” инспектор жыйынтыгында катаал сөгүш алганы белгилүү болду.