Воскресенье, 24 ноября

Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум бир айдан кийин уланат

0

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум 15-ноябрда өтөт. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук сотунунун судьясы Эмилбек Каипов кабыл алды.
Ошондой эле судья Эмилбек Каипов аталган соттук процессти жабык эшик артында, тагыраагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүсүз өткөрүү бүтүмүн чыгарган. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин билдиришинче мындай чечим Батукаевдин ишиндеги бир жашыруун жазык ишинен улам кабыл алынган.

“Бардык жактоочулар процесстин ачык-айкын өтүшүн суранганбыз. Жашыруун иште Эмил Макимбетовдун жана Шамиль Атахановдун көрсөтмөлөрү бар”, -деди адвокат.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурумдарга катышуудан үч ирет баш тарткан. Кечээ сот Атамбаев менен Качкыналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз