Воскресенье, 24 ноября

Газ менен жүргөн унаалардын алгачкы пайдасы

0

Бишкектеги табигый газ менен жүрүүчү автобустардан 4 ай аралыгында шаар бюджети 20 миллион сом үнөмдөй алды. Бул туурасында калаа башчылыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык борбор калаада бир нече ай мурун ишке киргизилген жаратылыш газы менен жүргөн 100 автобус жарандарды тейлеп келет алар экономикага жана абанын булганышынын алдын алуу максатында сатылып алынган.

Ошондой эле мэрия «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен тыгыз байланышта кызматташып жатканын баса белгилейт. Белгилүү болгондой 4 айда муниципалдык автобустар 945 миң куб метр газ пайдаланган. Мында газ менен дизелдин баасында дээрлик 19,8 миллион сом айырма болгонун байкоого болот. Ал эми бул көрсөткүчтү жылдык эсеп менен айта турган болсок, 60 млн сомго жетет.

Эскерте кетсек коомдук транспортторду газдаштыруу аракети — таза экология, каржылык үнөм, зыяндуу заттардын тарашын азайтуу жана экономикалык натыйжаны жогорулатуу максатын көздөйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз