Воскресенье, 24 ноября

Төрөбаев: «Футболдо мамлекет четте карап турбашы керек»

0

Футбол элдерди бириктирет, адамдарга сүйүнүч тартуулайт мында мамлекет четте карап турбашы керек. Бул туурасында депутат Бакыт Төрөбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.
«Дүйнөдөгү ар бир экинчи адам футболго кызыгат. Футбол миллиондогон жарандардын башын бириктирип, элдерге сүйүнүч тартуулайт. Биз, мамлекет дагы футболдо четте карап турбашыбыз керек. Футбол федерациясына каржылык колдоо көрсөтөлү алардын бюджети 70 миллион экен, кошумча 50 миллион сурап жатышат. Сурагандарын берели. Ар бир шаарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык футбол командасы түзүлсүн, дем алыш күндөрү футбол ойношсун», — дейт Төрөбаев.

Ошондой эле ал алдыдагы Азия жана Дүйнөлүк чемпионаттарды эске салды.

Эскерте кетсек футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Мьянма командасын 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз