Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин негизинде анын бир тууган эжеси Яха Батукаева суракка алынды. Сурак Россиянын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн жана ага кыргызстандык тергөөчү да катышкан.
Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди. Айтымында Азиз Батукаевдин өзү суракка алынган жок.
“Яха Батукаева инисинин бошотулушуна кимдер көмөкчү болгонун так айтып берген эмес. ал жөн гана оорулуу инисин абактан бошотуп, Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүүгө болгон күч аракетин жумшаганын гана айткан”, — деди Жоошев.
Ошондой эле адвокат мыйзамдагы уурунун учурда ден соолугу кандай акыбалда экени текшерилбегенин белгиледи.
“Батукаевден анализ алуу керек болчу, анын бүгүнкү күндө ден соолугу кандай болуп калганын аныктоо зарыл эле. Андан тышкары тергөөнүн көрсөтмөсү менен аны кылмыштын объекти катары суракка алуу керек. Ал Кыргызстандан чыгып кеткенин, абактан бошотулганын эмнеге байланыштыраарын билүү кажет. Бирок тергөө кызматтары буларды жасаган жок. Материалдарда кримтөбөл айыгып кетти деген далил жок. Алар жөн гана Батукаев ушул убакка чейин тирүү демек ден соолугу чың дегенге гана таянып жатышат”, — деди Замир Жоошев.
Эске салсак Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин негизинде 19 айыпталуучу бар. Алардын арасынан мурдагы президент Атамбаевден баштап врач-лаборанттарга чейин табууга болот.
2016-жылы россиялык басылмалар аркылуу орус жергесинде Яха Батукаева 30 кг героин менен кармалганы маалым болгон.