Жылытуу системасын оңдоо бардык билим берүү мекемелеринде аяктаган эмес. Бул туурасында Бишкек шаардык депутаттарынын кеңешинин жүрүшүндө белгилүү болду.
Маалыматка ылайык бул жылы айрым обьекттер капиталдык ремонттун титулдук тизмесине кирбей калган.
Депутат Сайдахмат Исмаилов кийинки жылы социалдык объекттерди кышкы жылытуу мезгилине даярдоону август, сентябрь айларында баштоо туура болоорун айтты.
“Азыр октябрь айы ортолоп калды, буга карабастан айрым мекемелерде тендер дагы өтө элек. Эгер эртең кар жаап, суук түшүп калса эмне болот? Жылдагыдай көрүнүш кайталанат. Социалдык обьекттердин кышка даярдыгын приоритет катары карашыбыз абзел”,- деди ал.
Анткен менен капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Азамат Өмүрзаков бардык иштер жылытуу мезгилинин башталышына чейин бүткөрүлөт деп ишендирди.