Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча сот жабык режимде өтөөрүнө нааразы. Ал бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында билдирди.
Эске салсак Батукаевдин иши боюнча 19 айыпталуучу бар. Алардын көч башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев турат. Ал соттук жабык өткөрүү кандайдыр бир сырды туюндуруп турганын кыйытты.
“Негизи сотту жабык өткөрүүнүн эч кандай зарылчылдыгы жок. Жабык режимде өткөрүүнү чечиштиби, демек учурдагы бийлик эмес экс-президент чындыкты айтып жатат”, — деди депутат.
Ошондой эле ал парламентте оппозиция калбаганын белгиледи.
Ирина Карамушкина учурда Кой-Таштагы окуяда атайын бөлүмдүн жоокерлерин барымтага алуу ишине катыштыгы болушу мүмкүн деп шектелүүдө. Сот аны үй камагына чегерген. Эгер айыбы далилденсе депутаттык мандатынан ажыратылат.