Понедельник, 20 мая

Бакетаев “модница” эмес

0

“Мен большевикмин”, — деди саясат талдоочу Бакыт Бакетаев “Kyrgyz.news” сайтына. Ал кимдир бирөөнү сындоо оңой, ал эми колдоо кыйын экенин белгиледи:

“Ооба, ар бир президенттин тушунда бийликтин саясатын колдоп келатам. Анткени мен элдин тандоосуна каршы чыкпайм. Атамбаевди да шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү тандаган, мен аны колдодум. Жээнбеков дагы элдин тандоосу менен келди, колдоп жатам. Кимдир бирөөнү сындап, лайк топтош абдан оңой. Каршы кеп айтып, кыйкырып чыгып, баатыр көрүнүү – бул популизм. Президентти сындаганга күчтүү болуштун кереги жок, анын саясатын колдогонго күч керек. Себеби биздин убакта мактаганга караганда, жугунду төгүп шыбаган “модага” айланды. Анткен менен бул “моданын” артынан баарыбыз эле кубалай бербешибиз керек, пикирлер бир гана тарапка агыла баштаса экинчи Афганистанга айланып калуу оңой эле”, — деди Бакетаев.

Эске салсак маалымат каражаттардын бири Бакыт Бакетаевди убагында Атамбаевди колдоп жүрүп, ал бийликтен кеткенден кийин терс пикирин айта баштаганын сынга алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз