Канат Сагымбаев Алга Кылычев менен бет келишкенден эмнеге коркуп жатат?

0

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев менен бет маңдай отуруп сурак берүүдөн баш тартты.
Сагымбаевдин адвокаты Бакытбек Автандил уулунун айтымында тергөө ага экспертиза дайындалганы боюнча токтомду көрсөткөн.

“Бирок бизге, адвокаттарга кандай экспертиза өткөрүлөөрүн айтышкан жок. Сагымбаев буга чейин күбө катары өтүп жаткан. Кылмыш жаза кодексинин нормасына ылайык шектелип жатканын кабарлагандан кийин эле экспертиза өткөрүү зарылдыгын жарыялаш керек болчу. Бирок мындай болбоду”, — деди адвокат.

Айтымында Канат Сагымбаевдин тарапташтары 19-октябрда Бишкектеги Горький атындагы паркта митинг өткөрүүгө камданышууда. Эске салсак 30-сентябрда Сагымбаевдин кичи мекени Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын эли митингге чыгышкан. Алар бийликтен Канат Сагымбаевди бошотууну талап кылышкан. Анын аялы оорукчан экенин жана төрт жаш баласы бардыгын айтышкан.

Канат Сагымбаев “массалык башаламандык”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” ж.б. беренелер боюнча айыпталууда.

Ал эми Алга Кылычев да Кой-Таш окуясынын негизинде камакка алынган. Кийинчерээк анын Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени маалым болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз