Четверг, 9 мая

Калкты жакырчылыктан чыгаруу кандай ишке ашып жатат?

0

Калкты жакырчылыктан чыгарууну айрым банктар туура эмес пайдаланып жатышат. Мындай пикирин депутат Төрөбай Зулпукаров КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

«Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин негизги максаты калкты жакырчылыктан чыгаруу болуп эсептелет. Бирок айрым банктар муну туура эмес түшүнүп, долбоорлорду ратификациялагандан кийин меш таркатып жүрүшөт. Ал мештин кереги барбы жокпу анализдеген киши жок», -дейт.

Эскерте кетсек бүгүн КСДП парламенттик фракциясы Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин ишмердүүлүгүн талкуулап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз