КСДПнын балыктары калып чабактары кача баштады

0

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев Кыргызстандын аймагынан чыгып кетти. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.

Анда жазылгандарга таянсак ал учурда үй-бүлөсү менен Швецияда жүрөт. А бирок тийиштүү кызматтар анын өлкө аймагынан чыгып кеткенин азырынча расмий тастыкташа элек.

Август айындагы Кой-Таш айылында мурдагы президент Атамбаевди кармоо учурун коштогон башаламандыктан кийин Мирбек Айтикеев кармалды деген маалымат тараган. Бирок көп өтпөй ИИМ Айтикеев кармалмак тургай суракка да чакырылбаганын жарыялаган. Ага катар башпрокурор Жамшитов Айтикеев суракка күбө катары чакырылаарын айткан.

Мирбек Айтикеевдин бир тууган агасы журналист Адилет Айтикеев да Кыргызстандын аймагынан Атамбаевдин бийлиги учурунда чыгып кеткен. Ал да кеткенин саясатка байланыштырып, саясий куугунтукка кабылган катары АКШдан башпаанек сураган. Бирок жакында ал саясий качкын макамын эмес, грин-карта алды.

Мирбек Айтикеевдин “саман өрттөнө электе эле Самарканд өрттөндү”деп сыртты көздөй качканы чет өлкөдөн башпаанек алууга шылтоо күтүп жүргөнүндөй сезилди…

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз