Азербейжан Эгемендүүлүк күнүн белгиледи

0

Азербейжан көз карандысыздыгынын 28 жылдыгын бүгүн белгиледи. Азербейжан Чыгыш мусулмандарынын арасында алгачкы демократиялык өлкө болуп таанылган. Демократия жолун тандоо чечими Мамед Эмин Расулзаденин төрагалыгы алдында Улуттук кеңеш тарабынан 1918-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Эки жылдан кийин Азербейжанда Кызыл армия пайда болгон. Андыктан бул өлкө 1991-жылдын 18-октябрында гана тарыхый аренада көз карандысыз өлкө катары орун алган.

Азербейжандар 70 жыл бою совет бийлигине баш ийип келишкен, бирок алар эч убакта жынысына, раса жана диний ишенимине карабай бардык жарандарга бирдей укук берилген мамлекети бардыгын унутушкан эмес.

Советтик армиянын 1990-жылдын 20-январында Баку шаарында жана өлкөнүн башка райондорунда жараткан массалык бөлүп –жаруусу азербейжан элинин СССРге болгон ишенимин толугу менен жок кылып, Азербейжанды көз карандысыздыкка баштаган процесстин тездетилүүсүнө алып келди.

1991-жылдын 30-августунда Азербейжандын ошол убакта парламенттин ролун аткарган Жогорку Кеңеши көз карандысыздык тууралуу Декларацияны кабыл алган. 1991-жылдын сентябрында Жогорку Кеңеш жыйында Азербейжандын СССРдин курамынан чыгуу жолун талкуулаган.

1991-жылдын 18-октябрында Жогорку Кеңеш “Азербейжан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу Конституциялык актты” көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Документте СССР басып алуучу аталган, а Азербейжан 1918-жылы түптөлгөн өлкөнүн укуктук мураскору катары жарыяланган.

Жогорку Кеңештин чечими менен 1991-жылдын 29-декабрында референдум өткөрүлүп, дээрлик бүткүл азербейжан калкы көз карандысыздык үчүн добуш беришкен.

1992-жылдан тартып 18-октябрда Азербейжан Эгемендүүлүк күнүн белгилейт. Биз дагы боордош азербейжан элин көз карандысыздыкка жеткен күнү менен куттуктайбыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз