Вторник, 17 ноября

Индонезияда катуу жер титирөө болду

0

Индонезиянын Малуку провинциясындагы аралдардын аймагында күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу жергиликтүү сейсмологиялык кызматка таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ару аралынан түштүк-батыш тарапта жайгашты.

Силкинүү Индонезиянын айрым аймактарында да сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Ошондой эле цунами коркунучу жок экени кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз