Кыргызстан-Түркия Манас университетинде Фуат Сезгин жылынын алкагында “Эл аралык борборазиялык илимпоздордун дүйнөлүк илимге кошкон салымы” аталыштагы Эл аралык симпозиум өткөрүлүүдө.
Ош мамлекеттик университети уюштурган симпозиумду ачуу программасы 18-19-октябрга белгиленген.
Иш чара Кыргызстан-Түркия Манас университети, Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги, кызматташтык жана өнүгүү боюнча эл аралык агенттиги, Ош мамлекеттик университети, профессор Фуат Сезгин ислам илиминин тарыхын иликтөөчү фонду тарабынан демилгеленген. Ага профессор Себахаттин Балчи, парламент спикери Хабиб Осал, симпозиумду уюштурган мекемелердин өкүлдөрү, илимпоздор, иликтөөчүлөр жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
КТМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Анварбек Мокеев сөз сүйлөп, Түркия, Азербейжан, Казакстан жана Өзбекстандын деңгээлиндеги иш чара Кыргызстандагы ушул багыттагы илимпоздордун башын бириктирээрин белгиледи.
Фуат Сезгин 1924-жылы Битлисте жарык дүйнөгө келген. Эрзерумдеги мектепти аяктагандан кийин 1993-жылы Стамбул шаарына келген. Белгилүү немец ориенталисти Хельмут Риттердин жетекчилиги алдында “Аль-Бухари булагы” темасы боюнча диссертациясын жактаган. 1951-жылы университетти аяктаган жылы Сезгин араб тили жана адабияты боюнча доктордук даражага жетишкен.
1965-жылы Франкфурт университетинде профессор даражасына ээ болгон. 1982-жылы Франкфурт университетинин алдында араб-ислам илиминин тарыхы Институтун түптөгөн. Бир жылдан кийин исламдагы илим жана технология тарыхы Музейин ачкан.
Ал 27 тилди билген, арасында араб, латын, немец жана иврит тилдери бар. 2013-жылы Фуат Сезгин атындагы ислам илиминин тарыхы Институту ачылган.
Профессор 94 жашында, 2018-жылдын июнь айында жарыкчылык менен коштошкон.