Коомчулукка Кайрат Кыргыз деген ысым менен таанымал эстрада ырчысы депутат болуу ниетин билдирди. Айтымында бир нече партиядан алардын катарында депутаттыкка ат салышуу сунушу түшкөн. Бирок ырчы кайсы партиянын сунушун кабыл алганын ачыктабады. Аны сыр катары жашырып “жакында билесиздер” деген менен гана чектелди.
Ошондой эле ырчы кайсы бир партияга, же талапкерге түздөн түз үгүт жасабай турганын, шайлоочулардан өзүнө гана добуш берүүнү өтүнөөрүн белгилеген.
Кайрат Кыргыз коомчулуктун сынына көп кабылган ырчылардын бири. Айрыкча анын мырзаларга ылайык келбеген чач жасалгасы, сахнадагы жүрүм-туруму көпчүлүккө жага бербейт. Акыркы айларда анын сулуулук салондорунун кардары экени белгилүү болгондон кийин талкууга кабылган.