Пятница, 22 ноября

Ийгилик сыры. Өзүңө өзүң ишен ошондо сага башкалар да ишенет

0

Гүлайым Искаковна Кызыл-Суу айылындагы эки кабат тиричилик үйүнүн (Дом Быта) кожойкеси. Бул имаратка 1984-жылы жумушка киргенин айткан ишкер айым ошондон бери ысык-суугун аркалап келатат.

“1991-жылдын декабрь айында имаратты менчиктештирдим. Мурда союз маалында иштеген топ менен калдык. Бирок башында кыйынчылык көп болду. Жумушчулар чекесинен Россияга кете башташты. 90-жылдарда өлкөдө ошондой абал түзүлбөдүбү, жергиликтүү орустар этникалык мекенине кайтууну туура көрүштү. Аны ээрчиген кыргыздарыбыз да жакынкы мамлекеттерден иш издешти. Эки – үч гана жумушчум калган, азыр алар пенсияга чыгып кетишти. Кээ күндөрү эч ким жок имаратты жалгыз кайтарып отурган да кездерим болду. Кайра 2000-жылдан тартып жумушчулар келишип, иш толук кандуу башталды”, — деди ишкер.

Тиричилик үйү союз маалында кандай болсо азыр да так ошондой көрүнүштө. Имараттын ичине кирген адам өзүн 80-жылдарда жүргөндөй сезээри анык. Анткени ошол жылдардагы “Чачтарач”, “Фотосалон”, “Тигүү цехи”, “Бут кийим оңдоочу жай” жазуулар ошол бойдон сакталган. Анан калса аурасы да өткөн кылымдын эстетет. Ишкер айым бир да кызматты жаппаганын, тескерисинче баарын мурда кандай болсо ошол калыбында алып кетүүнү максат кылганын белгиледи.

Гүлайым Искаковна айткандай 2000-жылдан кийин баары калыбына келгенсиди. Эл кайра туулуп-өскөн жерине кайтты. Имараттын ичи кызматкерлерге толуп, бака-шака үн кайрадан жаңырды. Ар бир тармак өзүнчө өркүндөп-өнүгүп, кардарларды тейлөөнү колго алды. Учурда тигүү цехинде кызга сеп камдалат, жууркан-төшөк, парда, кийимдер тигилет. Көбүнчө тапшырык менен иш алып бараарын айткан ишкер айым чыгарган продукцияларын сатууга атайын дүкөн ачып койгонун да билдирди.

“Негизи мен насыя алуудан айланып өтүүгө аракеттенем. Бирок кээде банкка кайрылган учурум болот. Ушул ишти баштагандан бери үч жолу насыя алдым, бирок төлөй алгыдай болуп аз суммада. Жүз миң сом насыя алып дүкөн ачтым. Насыяны бир жарым жылда жаап, дагы алдым да, ага дагы дүкөн ачтым. Ошону менен азыр бизде эки дүкөн иштейт, бири чарбачылык, экинчисинде тикмечиликке керектүү буюм-тайымдар сатылат. Жууркан-төшөктөрдү да ошол дүкөнгө чыгарабыз”, — деди Искаковна.
Албетте, ар бир иштин оор, жеңили бар. Ишкер айым башында кыйынчылыкка чыдай албай ыйлаганын да жашырбайт. Алгачкы ири капиталы “Кумтөр” аркылуу болгонун, андан ары кантип ишти алдыга жылдырып кеткенин мындайча айтып берди:

“Аябай капа болуп ыйлаган да учурум болду. Жумуш жүрбөй калса эмне кылам деп ойлончумун. Анткени имараттын акыбалы абдан начар эле. 1969-жылы салынгандыктан биз менчиктештирип алган маалда тигил жагы деле ураган, бул жагы деле ураган. Аларды жамап-жаскоого көп күч, көп каражат керектелмек. Жумушчуларым да эки-үчөө калган, кантип оңдойм, иштетип кете аламбы дедим. Анан бычмачылыкты үйрөнүп алдым, аздан акча түшө баштады. “Кумтөрдөн” тапшырык болуп, келишим түзүлүп миңдеген баштыктарды тиктик. Ал үчүн акча которушту. Ошол менин алгачкы ири капиталым болду. Ошол тапшырык менен көтөрүлдүк. Бир аз акча түшө баштагандан кийин эле жыл сайын каражат чогултуп, имараттын бир жерин оңдоого өттүм. 2017-жылдан тартып долбоор жазууну үйрөндүм. Мен тренингге көп барам, адам өзүн өнүктүрүп туруш керек. Заман мүнөт сайын жаңыланып турган маалда кантип эски түшүнүк менен жашайсың. Ошол тренингдерден долбоор жазууну үйрөндүм да, буйруса акырындык менен анын да үзүрүн көрүп жатам. Жакында кымбат баага пахта, жүн тыткан жабдык алдым. Бул биздин ишти абдан жеңилдетти”.

Учурда тиричилик үйүнүн орчундуу маселеси жок. Туруктуу кардарлары бар, 22 жумушчу иштейт, аларга убагында маяна төлөнүп, салыкты да бир күн кечиктирбей мамлекеттин казынасына төгөт. Ишкер айым салык төгүүнү жарандык парзы катары эсептерин белгиледи. “Ар бир нерсени убагында, кечиктирбей жасоону билүү керек”, — дейт ал.

Мына ушундай ийгиликтердин коштоосунда ал өткөн күнүн да унутпайт. Кайрадан көз алдына ишкерчиликти жаңы баштаган жылдары тартылды. 30 жаштагы айым жаштыктын курчтугу мененби, же тажрыйбасына болгон ишеними жеңгенби, килейген имараттын жоопкерчилигин өз моюнуна алууну чечкен.

“Менде ошол кезде эле тажрыйба жетиштүү болчу. Эки кесибим бар, бири так ушул тиричилик үйү боюнча, экинчиси экономист. Бул жерге биринчи экономист болуп жумушка орношком. Жыл айланбай пландык бөлүмдүн башчысы болдум. Союз тараганга чейин тиричилик үйүнүн бардык тармагында иштедим. Үч балам анда кичинекей болчу. Жумушка чуркап, кайра үйдүн тиричилигине жетишип жакшы эле чарпылдым. Дагы жакшы кайненем балдарымды карашканга жардам берди. Жолдошум жанымда жүрдү, бир туугандарымдын колдоосун сездим. Ушулардын баары мени чыйралтып, максатыма жетүүгө өбөлгө болушту. Жумушчулардын баары кетип, имаратты кайтарган учурум болгон дебедимби. Ошол кезде бир мүнөт да баары жакшы болоорунан шектенген эмесмин. Эл кайра бир калыптагы жашоого түшөөрүнө, турмуш оңолооруна ишеним күч эле”, — деди ишкер айым.

Азыр үч баласы бой жетип, ар бири турмуштан өз ордун тапкан. Кызы Түркияда иштейт, ал жакта жүрүп апасына жардам берип продукцияларды түрк жергесинен жөнөтүп турат. Андан тышкары материалдарды Кытайдан түз алдырышат. Ишкерчиликти жаңы баштаган кыз-келиндерге тажрыйбалуу ишкер айымдын айтаар кеңеши да бар:

“Эч убакта эмгектен качпоо керек. Тынымсыз изденүү коштосун. Колумдан келбейт, бул иш болбой калды деген сөздү унутуп койгон жакшы. Колуңдан келбедиби, келгиче ошол иштин үстүндө иште. Мен ушундай кылам. Өзүңө өзүң ишен, ошондо башкалар да сага ишенишет”.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз