Өкмөт 2018-жылдын бюджетин аткара алган жок. Бул үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек. Мындай пикирин депутат Кенжебек Бокоев парламенттеги тармактык комитеттин отурумунда билдирди.
Айтымында 2020-жылдын бюджетин караардан мурун 2018- жылы бюджеттин аткарылбай калышын талдоо керек.
«Эмнеге 2018- жылдын бюджети аткарылган жок? Буга ким жооп берет? 2019-жылыдын бюджеттинде кандай өзгөрүүлөр болот? Эмнеге биз буларды карабай туруп 2020-жылдын бюджетин карашабыз керек? Алгач 2019-жылы кире турган өзгөртүүлөрдү карайлы. Мисалы 2019- жылдын бюджетин бекитип жатканда 2 миллиард сомду өнүктүрүүгө деп бөлдүрүп алдыңыздар эле бирок, ушул күнгө чейин ал акчалардын дайыны жок. Каякка жумшадыңар?»-деди Бокоев.
Айта кетсек бүгүн ЖКдагы тармактык комитет 2020-жылга карата бюджетти карамак бирок, негизги баяндамачы жоктугуна байланыштуу ал кийинкиге жылдырылды.