Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү маселеси эмки аптада каралат. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык жылуулук беш күн бою аба ырайынын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда шаарга жылуулук бериле баштайт. Ал эми учурда температура +4 , +6 градус болууда.
Буга ылайык мэрия кызматкерлери азырынча жылуулук берүүнүн зарылчылыгы жок экенин белгилешүүдө. Анткен менен социалдык тармактын айрым колдонуучулары үйлөрү муздак болуп, маал — маалы менен жылыткыч колдонуп жаткандарын жазышкан болчу.
Эскерте кетсек, өткөн жылы үйлөрдү, социалдык объектерди жылытуу сезону 18-октябрдан башталган.