23-октябрда дүйнө жүзүндө, анын ичинен Кыргызстанда дагы Ак илбирстин эл аралык күнү белгиленет. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Белгилүү болгондой Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча иш чаралар жыл сайын уюштурулуп келет. Маселен 1- эл аралык форум 2013-жылы өткөн.
Айта кетсек, ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган сейрек кездешүүчү жаныбар. Расмий маалыматтарга ылайык өлкөдө болжол менен 324 гана илбирс бар. Мындан улам, республикада ак илбирске зыян келтиргендерге 1,5 миллион сом айып пул салынаары белгилүү. Ошондой эле ак илбирстер тамактанган аркар, текелерге дагы аңчылык кылууга тыюу салынган.
Ал эми алардын саны дүйнө жүзү боюнча жети миңге чамалайт деп айтылат. Ак илбирстер ыкчам секирик жасай алганы менен айырмаланат. Алар дээрлик он беш метр жерден секирип жандыктарды кармай алат. Негизинен аркар, теке жешет.